Шамсуддин Хакимов — 333
22:6 Бул (жараяндардын мааниси) Аллах – Ал Акыйкат жана Ал өлүктү тирилте алат. Жана Ал бардык нерсеге Кудуреттүү.
22:7 Жана, Кыямат дагы сөзсүз келүүчү. Анда эч күмөн жок! Жана Аллах албетте, мүрзөлөрдөгү өлүктөрдү кайра тирилтет.
22:8 Адамдардын арасындагы бирөөлөр, Аллах жөнүндө («Ал тирилте албайт» деп) талаша берет. Же илими жок, же туура жолго баштоочусу (акылы) жок, же болбосо (колунда) Нурдуу Китеби жок!
22:9 Моюн толгогон (текеберленген, кежирленген) абалда (талашышат, адамдарды) Аллахтын жолунан адаштырып жиберүү үчүн. Ал адамга дүйнөдө шерменделик бар. Кыяматта болсо, ага күйдүрүүчү азапты таттырабыз!
22:10 (Эй, каапыр!) Бул азаптар өзүңдүн эки колуңдун жасаганы себептүү. Аллах пенделерге зулумдук кылуучу эмес!
22:11 Адамдардын арасынан дагы бирөөлөр Аллахка бир беткейлик менен (же адат үчүн же мансап үчүн, же мусулмандардан коркуп) ибадат кылат. Эгер ага (ибадаты себептүү) бир жакшылык жетсе, аны менен көңүлү жайдары болуп калат. Ал эми бир (оор) сыноо жетсе (динден) жүз буруп кетет. (Мындай адамдар) дүйнө-акыретте зыян тартып калышат. Бул чынында анык зыян тартуу!
22:12 (Аллахка ыклас менен ыйман келтирбеген адам) Аллахтан башка пайда да, зыян да бере албай турган «кудайларга» дуба кылышат. Бул абдан катуу адашуу!
22:13 Алар пайдадан (алыс) зыянга жакын «кудайларга» дуба кылышат.[1] (Ал «кудайлар») Кандай жаман башчы, кандай жаман дос!
22:14 Аллах Өзүнө (ыклас менен) ыйман келтирип, жакшы амалдарды жасаган ыймандууларды албетте, түбүнөн дарыялар аккан бейиш бактарына киргизет. Чынында, Аллах каалаган нерсесин жасайт.
22:15 Кимде-ким Аллах ага (пайгамбарына) дүйнө-акыретте жардам бере албайт деп ойлосо, бир себеп менен асманга көтөрүлсүн дагы кийин, (Аллахтын жардамын) кесип таштасын (эгер колунан келсе).[1] Анан карасын: өзүнүн бул айла-амалдары анын көралбастыгын кетире алар бекен.