Шамсуддин Хакимов — 330
21:91 Жана абийирин сактаган кызды (Мариямды) да эстегин. Кийин Биз ага Өз Рухубуздан үйлөдүк. Аны жана анын уулун ааламдар үчүн (Өз Кудуретибизден) белги кылдык.[1]
21:92 (Оо, адамдар!) Силердин бул үммөтүңөр (диниңер) бир үммөт[1] жана Мен силердин Раббиңер боломун. Демек, Мага гана ибадат кылгыла!
21:93 Бирок, (кийин) адамдар иштерин (дин-ишенимдерин) бөлүп салды. (Кантсе да) Бардыгы Өзүбүзгө кайтышат.
21:94 Ким ыймандуу абалында жакшы (сооп) амалдарды жасаса, анын аракети текке кетпейт. Биз анын пайдасына жазып коюуучубуз.
21:95 Биз (күнөөлөрү себептүү) кыргын салган шаарларга (кайра бул дүйнөгө келип жашоо) арам. Алар эч качан кайтышпайт.
21:96 Тээ качан гана Яжуж-Маьжуж (тосмосу) ачылганда, алар (Яжуж-Маьжуж эли) ар кайсы дөбөдөн агылган бойдон келишет.[1]
21:97 Акыйкат убада (Кыямат) жакындап калды. Ал келгенде каапырлар көздөрү чанагынан чыгып: «Өлдүк эми! Биз бул нерседен бейкапар болчубуз! Жок, (бейкапар гана эмес) залымдардан (ишенбегендерден) болчубуз!» дешет.
21:98 (Оо, Каапырлар!) Силер жана силер сыйынган Аллахтан башка «кудайыңар» тозокко отун болосуңар! Силер (сөзсүз) ага киресиңер!
21:99 Эгер алар (чыныгы) кудайлар болсо, тозокко келбейт болчу. Эми алардын (жалган кудайлардын) баары тозокто түбөлүк калышат.
21:100 Анда (тозокто) алар (азаптан) онтоп, кыйкырышат. Анда алар (өз кыйкырыгынан бөлөк) эч нерсе угушпайт.
21:101 Алар үчүн мурдатан Биз тараптан (Тагдыр Китебине) жакшылык жазылган адамдар[1] тозоктон алыста болушат.