Шамсуддин Хакимов — 327
21:58 Анан алардын эң чоңунан башка баарын талкалап чыкты, ошого кайтышсын деп. (Шаар эли майрамдан кайтып, ибадатканага киришип:)
21:59 «Биздин кудайларыбызга муну ким жасады?! Ал анык залымдардан экен!» дешти.
21:60 (Кээ бирөөлөрү) айтышты: «Ибрахим деген жаш жигит кудайларыбызды (жамандык менен) тилге алып жүргөн».
21:61 (Чоңдору) Айтты: «Аны адамдардын көз алдына алып келгиле, (сазайын бергенибизди) көрүп коюшсун!»
21:62 «Оо, Ибрахим! Биздин кудайларыбызга ушуну сен жасадыңбы?!» – дешти.
21:63 «Жок», – деди Ибрахим. Мына бул (балта кармап турган) чоңу жасады. Эгер сүйлөчү болсо сурап алгыла».
21:64 Ошондо алар (бир саамга) эстерине келе калып, (бири-бирине) «Чын эле силер өзүңөр залим экенсиңер» – дешти.
21:65 Кийин дагы баштары айланып, «Сен булардын сүйлөбөй тургандыгын билет болчусуң! (Бизди шылдың кылба)» – дешти.
21:66 «Аллахтан башка, өзүңөргө не зыян, не пайда келтире албаган кудайларга сыйынып жатасыңарбы? - деди.
21:67 Силерден дагы, Аллахтан башка сыйынган кудайыңардан дагы тажадым! Акылыңарды иштетпейсиңерби?!» (деди Ибрахим). (Мушриктер Ибрахимдин далилдерине жооп бере албай, күч колдонууну каалашты жана):
21:68 «Аны отко ыргыткыла! Кудайыңарга жардам бергиле! Эгер жасай алсаңар, ушундай жасагыла!» - дешти.
21:69 Биз айттык: «Оо, от, Ибрахимге муздак жана саламаттык бол!».[1]
21:70 Алар муну менен (динге каршы) айлакерлик кылууну каалашты. Бирок, Биз аларды зыян тартуучу кылдык.
21:71 Жана Биз аны (Ибрахим) менен Лут экөөсүн, ааламдар үчүн берекелүү кылган жерге (Шам өлкөсүнө) куткарып (чыгарып) жибердик.[1]
21:72 Биз ага Исхакты жана (анын уулу) Якубду кошумча кылып бердик. Жана (Ибрахим, Исхак, Якубдун) баарын тең салих (жакшы) адамдардан кылдык.