Шамсуддин Хакимов — 326
21:45 (Оо, Мухаммад), сен аларга: «Мен силерди вахий (Аллахтан келген кабар) менен эскертип жатамын. Бирок, дүлөй адамдар эскертилген чакырыкты укпайт» деп айткын.
21:46 Эгер аларды Раббиңдин бир аз эле азабы кармаса; «Ох, өлдүк! Биз залимдерден болуп калдык!» – дешет.
21:47 «Биз кыямат күн үчүн адилет таразаларды орнотобуз. Эч бир жан(га) зулумдук кылынбайт. (Сообунан кемитилбейт). Эгер (сообу же күнөөсү) сары кычы данынчалык болсо да, аны алып келебиз. Биз жетиштүү эсепчибиз».
21:48 Жана Биз Муса менен Харунга Фурканды (ак менен караны ажыратуучу Тооратты) такыба кишилер үчүн нур жана эскерме кылып бердик.
21:49 Такыбаалар ушундай кишилер: Кайыптагы Раббисинен коркушат. Жана алар Кыямат Күндөн титиреп турушат.
21:50 Жана бул (Куран) Биз түшүргөн Зикир жана Берекет. Силер аны четке кагасыңарбы?!
21:51 Биз буга чейин Ибрахимге туура жол бергенбиз. Жана аны(н абалын) Билүүчү болдук.
21:52 Бир кезде ал атасына жана коомуна: «Силер табынып жаткан бул айкелдер(ден пайда) не?!» – деди.
21:53 «Ата-бабаларыбызды ошолорго сыйынган абалда тапканбыз» дешти алар.
21:54 (Ибрахим) Айтты: «Силер да, ата-бабаңар да анык адашууда болгонсуңар!»[1]
21:55 (Мушриктер) Айтышты: «Сен чын сүйлөп жатасыңбы же ойноп (тамаша) сүйлөп жатасыңбы?»
21:56 Айтты: «Чынын айтам; Силердин Раббиңер асмандардын жана жердин Раббиси. Аларды жараткан. Буга мен өзүм күбөгө өтүүчүмүн.
21:57 Жана Аллахка ант ичип айтамын: «Мен силер (шаардан) кеткенде айкел-кудайыңардын амалын таап коёмун!»