Шамсуддин Хакимов — 325
21:36 Эгер сени каапырлар көрсө (бири-бирине) силердин (Аллахтан башка) кудайыңарды (буларга сыйынып болбойт деп) тилге алган ушулбу?» деп шылдыңдашат. Алар Чексиз Ырайымдууну эскерүүдөн каапыр болушууда.
21:37 Инсан сабырсыз жаратылган. (Оо, каапырлар,) жакында силерге белгилеримди (азапты) көргөзөмүн, Мени шаштырбагыла!
21:38 Алар: «Эгер чынчыл болсоңор, жанагы убада (азап) качан?» – дешет.
21:39 Эгер каапырлар жүздөрүнөн жана жондорунан тозок отун тосо албай, жардамсыз калган мезгилди (кыяматты) билгенде (андай сөздөрдү айтпайт эле).
21:40 (Кыямат) Аларга капыстан келет. Ошондо алар аны кайтаруудан алсыз болуп, коркуудан селейип калышат. (Анда) аларга (тообо кылуу үчүн) мөөнөт берилбейт![1]
21:41 (Оо, Мухаммад! Алардын шылдыңына чөкпөгүн). Сенден мурунку пайгамбарларды деле шылдыңдашкан. Кийин алардын башына шылдыңдаган нерселери балээ болуп түшкөн.
21:42 Айткын: «(Эй, каапырлар) Силерди түндө же күндүзү (азап жиберчү болсо) Чексиз Ырайымдуудан ким коргой алат?! Тескерисинче, алар Раббилерин(ин азабын) эскерүүдөн жүз бурушту.
21:43 Же Бизден бөлөк коргоочу кудайлары барбы?! Ал кудайлар (силерге эмес) өздөрүнө да жардам бере албайт. Жана Бизден да эч бир жардамга ээ боло алышпайт.
21:44 Жок, аларды да, ата-бабаларын да өмүрү узун болгонго чейин Биз пайдалантуудабыз. Алар көрбөй жатабы, Биз жерди ар тараптан кыскартып жатабыз го?![1] Эмне, алар (Аллахтын тагдырына моюн сунбай), жеңүүчү болушат бекен?