>

Шамсуддин Хакимов — 324

21:25 (Оо, Мухаммад!) Сенден мурун жиберген ар бир пайгамбарга Биз: «Менден башка (ибадатка ылайык) кудай жок. Өзүмө гана сыйынгыла деп аян-кабар кылдык.

21:26 (Мушриктер): «Чексиз Ырайымдуунун[1] баласы бар» дешти. Аллах бала күтүүдөн Аруу-Таза. Андай эмес, алар (периштелер) урматтуу пенделер.[2]

21:27 Алар Андан (Аллахтан) озунуп сүйлөшпөйт. Алар анын буйругун гана аткарышат.

21:28 (Аллах) Алардын келечектерин да, өтмүштөрүн да билет. Алар (Аллахтын алдында) Ал каалагандар үчүн гана колдоочу боло алышат. Алар Аллахтан коркуп, ырайымына жалдырап турушат.

21:29 Алардын кимиси «мен – кудаймын» десе Биз аны тозок менен жазалайбыз. Биз залимдерди ушундай жазалайбыз.

21:30 «Каапырлар билишпейби, асмандар менен жер (мурда) бири-бирине жабышып турган болчу. Кийин Биз алардын ортосун бөлүп койдук. Жана Биз ар бир тирүү нерсени суудан[1] жараттык. Ыйман келтиришпейби?!»

21:31 Жана адамдарды жер бетинде бекем кармап турсун деп тоолорду жараттык. Жана элдер туура жол таап (адашпай) жүрсүн деп өрөөн – жолдорду жасап койдук.

21:32 Жана асманды корголгон там кылдык.[1] Алар Биздин (бул) аян-белгилерибизден жүз бурушууда!

21:33 Ал күндүз менен караңгылыкты, Күн менен Айды жаратты. Бардыгы Асманда сүзүп жүрүшөт.

21:34 (Оо, Мухаммад!) Сенден мурун да эч бир адамды түбөлүк жаратпадык. Эмне, сен өлүп, алар (мушриктер) түбөлүк жашайт бекен?!

21:35 Ар бир жан өлүмдү(н даамын) татуучу. (Ошого чейин) Биз силерди (кээде) жакшылык, (кээде) жамандык менен сынайбыз. Жана (өмүрүңөр бүткөндө) Өзүбүзгө кайтарыласыңар.