>

Шамсуддин Хакимов — 323

21:11 Жана Биз (өткөндө) нечен-нечен залым (каапыр) шаарларды кыйратып, алардан кийин (ордуна) башкаларды жараттык.

21:12 Алар Биздин азабыбызды(н белгисин) байкаар замат шаардан качып жөнөштү.

21:13 «Качпагыла, көңүл ачуучу жайыңарга жана үйүңөргө кайткыла, балким (өлтүрүлбөй бирөөңөрдөн-бирөөңөр) суралган бойдон калаарсыңар» (дешти азаптоочу периштелер какшык менен).

21:14 Алар болсо: «Ох, бизге өлүм болсун! Биз залымдардан болуп калган элек!» дешти.

21:15 Биз аларды орулган (чөп сыяктуу) кылып тындырып салганыбызга чейин ушул (армандуу) дубалары токтобой турду.

21:16 Биз Асман менен Жерди жана ал экөөнүн ортосундагы нерселерди оюн-эрмек үчүн жараткан жокпуз.[1]

21:17 Эгер (асман-жерди) эрмек кылып алууну кааласак, Биз аны (эрмек-зоокту) Өзүбүздүн алдыбыздан (асмандардын үстүндөгү жогорку Арштан) деле тапмакпыз, эгер табууну кааласак.

21:18 Биз Акыйкатты (Куранды) жалгандын үстүнө таштайбыз жана ал аны эзип, жанчып салат! Анан жалган жок болот. (Оо, Аллахтын шериги, аялы, баласы бар дегендер!) Мындай сыпаттаганыңар үчүн силерге (Уайл)[1] азап болсун!

21:19 Асмандар менен Жердеги нерселердин баары Аллахтын мүлкү. Анын алдындагылар (периштелер) Ага ибадат-кулчулук кылуудан текеберленишпейт жана чарчашпайт.

21:20 (Тескерисинче,) түнү-күнү чарчабай-зерикпей Ага тасбих айтышат.

21:21 Же болбосо, жердин өзүнөн эле тирилтүүчү «кудайларды» таап алышканбы?

21:22 Эгер Асман менен Жерде Аллахтан башка кудайлар болгондо, экөө тең ойрон болмок. (Улуу, Бийик) Арштын Раббиси болгон Аллах мушриктер сыпаттаган нерселерден Аруу-Таза![1]

21:23 Аллах Өзүнүн иши боюнча эч кимге жооп бербейт. Алар жооп беришет (суралышат).

21:24 Же, алар Аллахтан башкаларды кудай кылып алыштыбы?! Айткын: «(Андай болсо) далилиңерди алып келгиле! Мына мендеги нерсенин (Курандын) сөздөрү жана менден мурунку нерселердин (Тоорат менен Инжилдин) сөздөрү! Жок, Алардын көпчүлүгү Акыйкатты билишпейт. (Мунун себеби) Алар жүз буруп кетишкен!