>

Шамсуддин Хакимов — 322

21:1 Адамдарга өздөрүнүн эсеби (Кыямат) жакындап калды.[1] Алар болсо (Аллах буюрган парыздардан) жүз үйрүгөн бойдон кайдыгер жүрүшөт.

21:2 Аларга Раббилери тарабынан жаңы зикир (аят) келсе, (мушриктер) оюнкарактык менен угушту,

21:3 жүрөктөрү кайдыгер болуп. Жана залим (каапыр) адамдар: «Бул (Мухаммад) эч ким эмес, өзүңөр сыяктуу жөнөкөй эле адам (ал «аят» деген нерселер болсо, сыйкыр). Силер көрүп туруп сыйкырга келе жатасыңарбы?» (деп) шыбырап сүйлөшүштү.

21:4 (Пайгамбар) айтты: «Менин Раббим Асмандагы, Жердеги сөздү билет. Ал – Угуучу, Билүүчү!»

21:5 «Андай эмес», – дешти алар (Мухаммад айтып жаткан нерселер) түштөгү жобурануу, жок, аларды өзү ойлоп чыгарган, жок андай эмес, ал акын. (Эгер пайгамбарлыгы чын болсо, абалкы(пайгамбар)ларга жиберилген сыяктуу бир керемет келтирсинчи, кана?!»

21:6 Алардан мурунку Биз кыйраткан шаарлар(дын элдери) ыйман келтирбеген нерсеге ушулар ыйман келтирмек беле?!

21:7 (Оо, Мухаммад) Биз сенден мурун (периште же болбосо аял затынан эмес) жалаң эркек кишилерди гана пайгамбар кылып, аларга вахий жибергенбиз. Эгер билбесеңер Зикир (Ыйык Китеп) ээлеринен сурагыла.

21:8 Биз пайгамбарларды тамак-аш жебей турган дене (адаттан сырткары табияттуу адам) кылып жаратпадык. Алар түбөлүк жашоочулардан да эмес.

21:9 Кийин Биз пайгамбарларга берген убаданы аткарып (каапырларга азап жиберип), пайгамбарларды жана Өзүбүз каалаган (ыймандуу) адамдарды куткарып, чектен чыккандарды кыйратып салдык.

21:10 (Оо, пайгамбар менен мусулмандар!) Биз силерге Китеп (Куран) түшүрдүк. Анын ичинде силердин шоорат-даңкыңар бар. Акылыңарды иштетпейсиңерби?[1]