Шамсуддин Хакимов — 321
20:126 (Аллах) айтты: «Дал ушул сыяктуу, сага да (дүйнөдө) Биздин аяттар келгенде, (аларды) «унутуп» калгансың. (Көрсөң да, көрмөксөн болгонсуң). Дал ошол сыяктуу бүгүн сен да «унутуласың!»
20:127 Биз ысырап кылган (чектен чыккан) жана Раббисинин аяттарына ишенбеген адамдарды ушинтип жазалайбыз. Чынында, Акыреттин азабы катуу жана түгөнгүс!
20:128 Биз алардан мурун (өздөрү сыяктуу) нечен-нечен муундарды, үй-жайларында (эч нерседен бейкапар) жүргөндө (капыстан балээ жиберип) кыйратып койгонубуз аларга ачык-айкын болбодубу?! Мында акылдуу адамдар үчүн сабактар бар го!
20:129 Эгер Раббиң тарабынан (айтып) өтүлгөн («күнөөлүүлөрдү белгиленген убактысында гана жазалайбыз» деген) сөз жана белгиленген мөөнөт (Кыямат) болбогондо, аларга азап ошол замат келмек.
20:130 (Оо, Мухаммад!) Сен алардын (сени жана динди айыптап) сүйлөгөн сөздөрүнө сабыр кыл жана Күн чыгаардан мурун жана Күн батаардан мурун Раббиңди даңазалап тасбих айт. Жана Раббиң сенден ыраазы болушу үчүн күн-түн дебей тасбих айт.[1]
20:131 Биз аларды сынаш үчүн жуп-кошмок түрдө берген дүйнө жашоосунун жыргал-кооздуктарына назарыңды салба! Раббиңдин (Акыретте берчү) ырыскылары жакшы жана түбөлүктүү!
20:132 Үй бүлөңдү намазга буюр жана ага (намазга) сабырдуу болууга көндүр. Биз сенден ырыскы сурабайбыз, Өзүбүз сага ырыскы беребиз. (Жакшы) акыбет такыбалар үчүн!
20:133 Алар: «Эгер Мухаммад бизге Раббисинен бир (көзгө көрүнгөн) керемет алып келсе кана» – дешти. Аларга байыркы барактардагы (Тоорат менен Инжилдеги) нерселердин баяны (Куран) келбеди беле?!
20:134 Эгер Биз аларды ага (Мухаммадга дин келгенге) чейин бир азап менен өлтүргөн болсок, албетте: «Оо, Рабби! Эгер бизге бир пайгамбар жиберсең, мындай шерменде жана кор болбой туруп, сенин аяттарыңа ээрчимекпиз» – дешет болчу.
20:135 Айткын: «Бардыгыбыз күтүүдөбүз.[1] Силер да күтө бергиле. Жакында ким туура жолдун ээси болуп (адашпай) баратканын билип аласыңар.