>

Шамсуддин Хакимов — 320

20:114 Акыйкат Падыша болгон Аллах эң Жогору! (Оо, Мухаммад,) сага вахий кабары түшүп бүтө электе, Куранды окуганга шашылба жана: «Оо, Раббим! Менин илимимди көбөйткүн!» – деп айткын.

20:115 Биз (Бейиштеги бир даракка жакындабоо жөнүндө) Адам менен убадалашкан элек. Ал аны унутуп койду. Биз анда сабырдуулукту көрбөдүк.

20:116 Ошондо Биз периштелерге: «Адамга сажда кылгыла» дегенде, бардыгы сажда кылды, бир гана Иблис (текеберленип; «Мен андан абзелмин» деп) баш тартты.

20:117 Биз айттык: «Оо, Адам! Чынында, бул (Иблис) сага жана аялыңа душман! Экөөңдү азгырып бейиштен чыгарып койбосун! Анда бактысыз болуп каласың!

20:118 (Анткени,) Сен бейиште ач-жылаңач калбайсың.

20:119 Анда суусабайсың, күндүн ысыгына да күйбөйсүң».

20:120 Шайтан (Иблис) аны азгырып (мындай деди): «Оо, Адам мен сага түбөлүктүүлүк дарагын жана түгөнгүс мүлк көргөзөйүнбү?»

20:121 Анан, экөө ал дарактан жеп, (натыйжада убаданы бузганы үчүн Аллахтын каар-жазасы себептүү) уяттары ачылып калды эле, бейиш жалбырактары менен өздөрүн (уяттуу жерлерин) тосо башташты. Адам Раббисине күнөөлүү болуп, (ушинтип) азгырылды (жана экөө тең Раббиcине жалбарып; «Бизди кечир, өзүбүзгө зулум кылып койдук» деп тообо кыла баштады)

20:122 Кийин Раббиси аны тандап, тообосун кабыл алып, Өз жолуна баштады.

20:123 (Аллах) Айтты: «Бардыгыңар бири-бириңерге (адам шайтанга, шайтан адамга) душман болгон абалда бейиштен түшкүлө! Эми, (оо, инсандар) силерге менден туура жол (дин) келет. (Ошондо) ким менин жолума ээрчисе, адашпайт жана бактысыз болбойт.

20:124 Ал эми, ким менин зикиримден (Китебимден) жүз бурса, ага тар (оор) жашоо бар. Аны кыямат күнү сокур абалда тирилтебиз.

20:125 Ал айтты: «Оо, Раббим! Эмнеге мени сокур абалда тирилттиң? Мен (дүйнөдө) көзү соо адам элем го?»