Шамсуддин Хакимов — 32
2:203 Аллахты саналуу күндөрдө да эстегиле.[1] Ким эки күндө шашылса – ага күнөө жок. Жана ким кечиктирсе – ага да күнөө жок.[2] (Бул өкүмдөр) такыба кишилер үчүн. Аллахтан корккула жана билгиле: бардыгыңар (Кыяматта өз ишиңерден эсеп берүү үчүн) Аллахтын алдында чогултуласыңар.
2:204 (О, Мухаммад!) Адамдардын арасында ушундайлары бар: бул дүйнө жашоосунда анын сөздөрү сени кызыктырып койот. Ал жүрөгүндөгү нерсеге Аллахты күбө кылат (ант ичет). Чынында, ал (Исламга) элдешкис душман![1]
2:205 Ал сенин алдыңан кетээри менен, жер бетин бузукулуктарга толтуруш үчүн, эгиндерди, насилдерди курутуш үчүн аракеттерин баштайт. Аллах болсо, бузукулукту сүйбөйт.
2:206 Эгер ага “Аллахтан корк” деп айтылчу болсо, күнөө менен (бирге) текеберлиги (да) кармап калат. Ага тозок жетиштүү! Ал не деген жаман орун!
2:207 Адамдардын арасында өз жанын Аллах ыраазычылыгы жолунда саткандары (курман кылгандары) да бар. Аллах өз пенделерине кайрымдуу.
2:208 Оо, ыйман келтиргендер! Исламга толук киргиле! Шайтандын изинен ээрчибегиле! Ал силерге анык душман!
2:209 Эгер силерге (Раббиңер тарабынан) анык илим-далилдер (Куран-Сүннөт) келгенден кийин деле жолдон тая берсеңер, билип койгула: Аллах – Кудуреттүү, Даанышман.
2:210 Алар (жер бетинде бузукулукту тараткандар менен шайтанга ээрчигендер, Кыяматта) Аллах жана периштелер булуттардын көлөкөсүндө келишинен (жана аларга адилеттүүлүк менен өкүм кылып, жаза беришинен) башканы күтүшпөйт. Анан иш бүтөт жана бардык иштер Аллахка кайтарылат.