>

Шамсуддин Хакимов — 319

20:99 Ошентип, Биз сага (оо, Мухаммад), өткөндөрдүн кабарларын баяндадык жана алдыбыздагы Зикирди (Куранды) бердик.

20:100 Ким андан жүз бурса, кыяматта (күнөөсүнүн) жүгүн көтөрөт.

20:101 Ал жүктөн түбөлүккө ажырабайт. Кыяматта алар көтөргөн жүк кандай жаман!

20:102 Сур (кернейи) тартылган күн... Ошол күнү күнөөлүүлөрдү (коркуудан жана кордуктан улам) ыраң-түсү көгөргөн абалда чогултабыз. (Алар азап периштелери тарабынан кордолуп адамдар чогултула турган тарапка сүрүп алып барыла жатканда…)

20:103 Бири-бирине: «(Дүйнөдө) он күн гана турдуңар-э?» деп, шыбырап сүйлөшүшөт.

20:104 Биз алардын эмне дегендерин эң жакшы билебиз. Ошондо алардын билермандары: «Жок, силер бир эле күн турдуңар» дешет.

20:105 (Оо, Мухаммад) Сенден тоолор (жана алардын Кыяматтагы абалы) жөнүндө сурашат. (Аларга): «Раббим аларды (чаң сыяктуу) чачып жиберет» – деп айт.

20:106 Жана (жер менен) тегиз кылып салат.

20:107 Сен ал (Кыяматта элдер чогулчу) жерден эч кандай ийри-буйру же эч кандай өйдө-ылдый чуңкур жерлерди көрбөйсүң.[1]

20:108 Ошол күнү (элдер) бир жарчынын артынан (адамдар чогултула турган майданга) ээрчип жөнөшөт. Анын жар салган сөздөрүндө эч бир ката жок. (Шуулдаган) дабыштар Чексиз Ырайымдуу (Аллахтын) урматына акырын болуп, шыбыраган үндөрдү гана угуп каласың.

20:109 Ал күнү Чексиз Ырайымдуу[1] уруксат бергендерге жана сөзүнөн Аллах ыраазы болгондорго гана шапаат пайда берет.

20:110 (Аллах) пенделердин келечегиндеги, өтмүшүндөгү бардык нерсени билет. Алардын илими Аллахты камтый албайт.

20:111 Бардык жүздөр(дүн ээлери) Түбөлүк Тирүү (бардык ааламдарды башкарып) Туруучуга баш ийишет. Зулум көтөрүп баргандар (каапырлар) максатка жетпей калат.

20:112 Жана ким ыймандуу болгон абалда жакшы амалдарды жасаган болсо, зулумдан жана соопторунун кемитилип калуусунан коркпойт.

20:113 (Оо, Мухаммад) мына ушинтип, Биз Куранды араб тилинде түшүрдүк жана анда эскертүүчү аяттардын түрлөрүн баяндадык. Балким, эми алар коркушаар же (бул эскертүүчү аяттар) аларда эскерүүнү (сергектикти) жаратаар.