>

Шамсуддин Хакимов — 316

20:65 «Оо, Муса (дешти сыйкычылар) же сен (башта колуңдагы таягыңды) ташта же болбосо, биз биринчи таштайлы».

20:66 (Муса) айтты: «Жок, силер таштагыла!» (Ташташты эле,) капыстан жиптери жана таяктары, алардын сыйкырынан улам ага (Мусага) кыймылдагандай көрүндү!

20:67 Муса ичинен бир сестенип алды.[1]

20:68 Биз (ага): «Коркпогун сен (алардан) жогору(боло)суң» – деп айттык.

20:69 Колуңдагы нерсени (таякты) ташта, алардын жасалмаларын жутуп жиберет. Алар жасаган нерселер сыйкырчынын гана көз бойоосу. Сыйкырчы деген кайда болбосун, максатка жетпейт» дедик.[1]

20:70 Анан сыйкырчылар сажда кылган абалда жерге бой таштап: «Муса менен Харундун Раббисине ыйман келтирдик!» дешти. (Муну көргөн Фараон аябай ачууланды:)

20:71 «Эмне силер мен уруксат бербей туруп эле, ага (Аллахка) ыйман келтире бересиңерби?! Демек, ал (Муса) силерге сыйкырды үйрөткөн чоңуңар экен да. Эми мен силердин кол бутуңарды каршы-терши (оң кол-сол бут) кесип, өзүңөрдү курма дарагына асып байлап коёмун. Анан кимибиздин (Аллахтынбы же менинби) азабыбыз катуураак жана узунураак экенин билип аласыңар!»

20:72 (Сыйкырчылар) айтышты: «Биз эч качан өзүбүзгө келген аят-белгилерден жана бизди жараткан Аллахтан сени жогору койо албайбыз. (Бизге) Эмне өкүм кылсаң кыла бер! Себеби, сен ушул дүйнөдө гана өкүм кыла аласың!

20:73 Биз Раббибизге, каталарыбызды жана сен бизди мажбурлаган сыйкыр(ыбыз)ды кечиришин үмүт кылып, ыйман келтирдик. Аллах эң жакшы жана Түбөлүк!».

20:74 Чынында, ким (Кыяматта) Раббисине күнөөкөр (каапыр) абалда барса ага сөзсүз тозок бар. (Ал анда) же өлө албайт, же жашай албайт![1]

20:75 Жана ким Раббисине жакшы амалдарды жасап, момун-ыймандуу абалда жолукса, аларга эң жогорку даражалар:

20:76 Түбүнөн дарыялар аккан, бейиштер бар. Алар анда түбөлүк калышат! Бул (күнөөлөрдөн жана каапырчылыктан) таза боло алгандардын сыйлыгы![1]