Шамсуддин Хакимов — 315
20:52 Алар жөнүндөгү илим Раббимдин алдындагы Китепте. Раббим (ал Китепте) адашкан эмес, эч нерсени унуткан да эмес».
20:53 (Аллах) силерге жерди жашоого ыңгайлуу кылып жайып берди, анда силер үчүн жол салып берди. Жана силерге асмандан суу түшүрдү. Кийин Биз аны менен ар түрдүү өсүмдүктөрдү чыгардык.
20:54 (Алардан) жегиле жана мал-жаныңарды баккыла. Бул нерселерде акылдуу кишилер үчүн сабактар бар.
20:55 Биз силерди ошол жерден жаратканбыз жана ошого кайтарабыз. Жана (Кыяматта) экинчи ирет дагы ошондон чыгарып алабыз.
20:56 Биз ага (Фараонго арналган) бардык кереметтерибизди көрсөтсөк, «жалган» деп, (акыйкатты кабыл алуудан) баш тартты.
20:57 (Жана мындай) деди: «Оо, Муса сен өзүңдүн сыйкырың менен бизди жерибизден чыгарып жиберүү үчүн келдиңби?
20:58 Биз деле сага ошонун өзүндөй сыйкыр келтирип бере алабыз. Эми, биз менен өзүңдүн ортоңдо бир тегиз жерди убада кылгын. Ал жер өзүңө да, бизге да ылайыктуу болсун.[1]
20:59 (Муса) айтты: «Силерге майрам күндү – адамдар шашке маалда чогулган күндү убада беремин.
20:60 Фараон барып өзүнүн айлакер-амалкерлерин жыйнап (убадаланган күндө, убада кылынган жерге) келди.[1]
20:61 Муса аларга (сыйкырчыларга насаат) айтты: «Оңбой каласыңар! («Аллахтын шериги бар» деп) Аллахка жалаа жаппагыла! Ал силерди азап жиберип кыйратып салат! (Аллахка) жалаа жапкандар оңбой калат!»
20:62 Алар иштеринде талашып калышты жана өз ара шыбырашып сүйлөшө баштады.
20:63 (Кийин элдерге Муса менен Харунду көргөзүп мындай) дешти: «Бул экөө анык сыйкырчы! Силерди жериңерден чыгарып жиберүүнү жана алгылыктуу жолуңарды (сыйкырчылыкты) жоюп жиберүүнү каалап жатат!» (Анан Фараон сыйкырчыларга айтты:)
20:64 «Болгон амалкерлигиңерди жыйнап, сапка тизилип келгиле. Бүгүн ким үстөмдүк кылса, ошол жеңишке жетет!»