>

Шамсуддин Хакимов — 313

20:13 Мен сени (пайгамбарлык үчүн) тандап алдым. Эми, (өзүңө) аян-кабар кылынчу нерселерди угуп ал:

20:14 Мен – Аллах боломун! Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, жалгыз Мен гана бармын! Демек, Өзүмө ибадат кыл жана Мени эстөө үчүн намаз оку!

20:15 Ар бир жан өз кылмышына жараша жаза (же сооп) алышы үчүн Кыямат сөзсүз келет. (Бирок) Мен аны(н болоор убактысын) сыр кылып койдум.

20:16 (Оо, Муса) Сени Кыяматтан (диний-акыреттик иш кылуудан) ага ишенбеген жана өз каалоосуна ээрчиген адамдар тосуп койбосун, (анда) бактысыз болуп каласың!

20:17 Оң колундагы эмне, оо, Муса?».[1]

20:18 «Бул – менин таягым» – деди Муса – мен ага таянамын жана койлорума аны менен (жалбырактарды) күүп беремин. Жана башка максаттарга да пайдаланамын».

20:19 (Аллах) айтты: «Оо, Муса аны жерге ташта».

20:20 Аны таштады эле, сойлогон (чоң) жыланга айланып калды.

20:21 «Аны колуңа ал жана коркпо. Биз аны абалкы абалына келтирип коёбуз».

20:22 Жана колуңду колтугуңа кат – жамандыгы жок, ак-нурдуу болуп чыгат. Бул дагы бир керемет.[1]

20:23 (Таяк менен ак кол) Биздин чоң кереметтерибизден. Сага көргөзүп (билгизип) коюшубуз үчүн.

20:24 Эми, Фараонго (аны Акыйкатка кайтаруу үчүн) бар. Ал чектен чыгып кетти».

20:25 (Муса) айтты: «Оо, Раббим! Менин көкүрөгүмдү кенен кыл!

20:26 Жана менин иштеримди жеңил кыл!

20:27 Тилимдеги түйүндү чечип кой.

20:28 Адамдар (сөзүмдү) түшүнгөндөй болсун![1]

20:29 Мага өз үй-бүлөмдөн вазир-жардамчы дайындап бер:

20:30 Бир тууганым Харунду.

20:31 Ал себептүү менин кубатымды көбөйт.

20:32 Аны ишиме шерик (пайгамбар) кыл!

20:33 Сени көп аруулашыбыз үчүн.

20:34 Сени көп зикир кылышыбыз үчүн,

20:35 Өзүң бизди көрүп туруучусуң!»

20:36 (Аллах) айтты: Оо, Муса! Сураганыңдын баары сага берилди.

20:37 Биз сага бир жолкуда мындан башка да жакшылык кылган элек.