Шамсуддин Хакимов — 312
19:96 Албетте, ыйман келтирип, жакшы амал кылгандар үчүн Чексиз Ырайымдуу Аллах сүйүүнү жаратат.[1]
19:97 (Оо, Мухаммад!) Биз Куранды сенин тилиңе жеңил кылдык. Аны менен такыбаларга (бейиштен) куш кабар беришиң үчүн жана талашкан каапырларды (тозоктон) эскертүүң үчүн.
19:98 Биз бул (Меккедеги) мушриктерден мурда (Аад, Самуд сыяктуу) нечендеген (каапыр-мушрик) муундарды кыйраттык! Сен алардын бирөө жарымын сезип, же болбосо добушун угуп жатасыңбы?!
20:1 Таа – хаа.[1]
20:2 (Оо, Мухаммад!) Биз сага Куранды бактысыз болушуң үчүн түшүрбөдүк.[1]
20:3 Тескерисинче, (Аллахтан) корккон адамдар үчүн эскерме катары түшүрдүк.
20:4 (Бул Куран) Жерди жана жогорку асмандарды жараткан Зат – Аллахтан түшкөн!
20:5 (Ал – ) Чексиз Ырайымдуу (Аллах), Арштын үстүнө көтөрүлдү.[1]
20:6 Асмандардагы, Жердеги нерселердин бардыгы жана Жер астындагы нерселердин баары жалгыз Ага гана таандык мүлк болуп саналат!
20:7 Эгер сен ашкере сүйлөсөң да (шыбырап сүйлөсөң да) Ал купуя сырлардын баарын билет.
20:8 Аллах, эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, бир Анын Өзү бар. Анын керемет ысымдары бар![1]
20:9 (Оо, Мухаммад!) Сага Мусанын окуясы жетти беле?
20:10 Бир кезде ал (алыстан) от(тун жалынын) көрүп, үй-бүлөсүнө: «Ушул жерде(н эч кайда жылбай) тургула. Мен от көрүүдөмүн. Мүмкүн, андан бир аз чок таап келээрмин же болбосо оттун жакынынан бир жол көргөзүүчү табаармын» – деди.[1]
20:11 Отко» жакындаганда: «Оо, Муса» деген добуш угулду.
20:12 «Мен сенин Раббиң боломун! Чокойуңду чеч! Сен Ыйык Тува өрөөнүндөсүң![1]