Шамсуддин Хакимов — 311
19:77 (Оо, Мухаммад!) Биздин аяттарыбызга каапыр болуп (жүргөн байлардын): «Бизге (Кыяматта деле) мал-дөөлөт менен перзенттер берилет» дегенин көрбөйсүңбү?!
19:78 Эмне, алар кайыпты көрүп коюптурбу же болбосо, Чексиз Ырайымдуу менен (Бейишке түшүү жөнүндө) убада келишимдери бар бекен?!
19:79 Жок, андай эмес! Биз алардын (күнөө) сөздөрүн жазып койобуз жана аларга азапты(н мөөнөтүн) узартабыз.
19:80 Жана алар айткан нерселерге (дүйнө-мүлк, дөөлөткө) мына Биз мураскор болобуз. Алар болсо, Бизге жалгыз өздөрү гана келишет.[1]
19:81 Алар өздөрүнө кубат-жардамчы болот деген ойдо Аллахтан башка нерселерди кудай тутуп алышкан.
19:82 Жок, андай болбойт! (Кыяматта) «кудайлары» алардын өзүнө сыйынганынан танышат жана аларга каршы чыгышат.
19:83 Көрбөйсүңбү, чындыгында Биз каапырларга шайтандарды жиберебиз. (Шайтандар) аларды (күнөөгө) катуу түртөт.[1]
19:84 Сен аларга (азапты) шаштырба. Биз аларга (азап мөөнөтүн) кылдаттык менен эсептеп койгонбуз.
19:85 Ошол (Кыямат) күнү Биз такыба кишилерди мээримдүү Аллахтын алдына өкүл иретинде (урмат-сый менен) чогултабыз.
19:86 (Каапыр) кылмышкерлерди болсо, суусаган (кордолгон) абалда тозокко айдайбыз.
19:87 (Ал жерде) Чексиз Ырайымдуу (Аллах) менен убада-келишими (ыйманы) бар адамдар гана шапаатка ээ боло алышат.[1]
19:88 (Мушриктер): «Аллахтын баласы бар» дешти.
19:89 (Эй, мушриктер) силер өтө коркунучтуу сөз айттыңар.
19:90 Бул сөздөн асмандар айрылып, жер жарылып, тоолор майдаланып кетиши ыктымал!
19:91 «Рахмандын баласы бар» дегендери себептүү!
19:92 Чексиз Ырайымдууга бала тутууга муктаждыгы жок!
19:93 Асмандардагынын жана Жердегинин баары Чексиз Ырайымдууга кул-пенде болуп, келишти.
19:94 Аллах бардыгынын анык эсебин алып койгон.
19:95 Бардыгы Кыямат Күндө Ага жалгыз абалда (байлык, бала, шерик, аскерлерин бул дүйнөгө таштап) келет.