Шамсуддин Хакимов — 31
2:197 Хаж (сапары) – белгилүү айлар.[1] Ким ошол айларда (өзүнө) хаж (ибадатын) парыз кылса, (жана ихрам байласа) хажда (ихрамдан чыкканга чейин) жубайы менен (жыныстык) мамиле жасабайт, бардык күнөөлөрдөн тыйылат жана жаңжалдан алыс болот. Кандай гана жакшы амал кылсаңар да Аллах билип турат. Жана да жолго азык камдап алгыла. Эң жакшы жол азыгы – бул такыбалык. О, акылдуу адамдар, Менден корккула!
2:198 (Хаж ибадаты мезгилинде адал кесип, же соода менен) Раббиңерден пазилет үмүт кылууңарда күнөө жок. Ал эми, Арафат тоосунан түшсөңөр, Машьар-ул-харамда (Муздалифа өрөөнүндө) токтоп, Аллахты зикир кылгыла жана Аллах силерди адашканыңардан кийин, туура жолго салганы үчүн, силер да Аны эстегиле.
2:199 Андан соң (Муздалифадан Каабаны көздөй) адамдар түшкөн багыт менен түшкүлө жана Аллахтан кечирим сурагыла. Албетте, Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.
2:200 Ал эми, ибадат - жөрөлгөңөрдү аткарып болгон соң (такбирлерди айтып) Аллахты, ата-бабаңарды эстегендей же андан да катуураак эстегиле. Адамдардан кээ бирөөлөрү (Акыретти унутуп): “О, Рабби! Бизге ушул дүйнөдө бер” - дешет. Андайларга Акыреттен насип жок!
2:201 Алардан дагы бирөөлөрү: “О, Рабби! Бизге ушул дүйнөдө да, Акыретте да жакшылык бере көр жана бизди тозок азабынан сакта!” - дешет.
2:202 (Акыретте) дал ошол адамдар үчүн жасаган (жакшы) иштеринен насип бар. Аллах өтө тез эсептешет!