>

Шамсуддин Хакимов — 307

19:26 Эми, (ошолордон) жеп-ичип, (перзентиң менен) кубан! Ал эми, адамдардан бирөөнү көрсөң (ишаарат менен): «Мен Чексиз Ырайымдуу (Аллах) үчүн сүкүт чалууну назир кылып койдум эле. Бүгүн эч бир адамга сүйлөбөймүн» – дегин.[1]

19:27 (Мариям) баласын көтөрүп элине келгенде, (ар жактан ажылдашып мындай) дешти: «Оо, Мариям! Сен болбогон уят иш жасаптырсың!

19:28 Оо, Харундун карындашы! Сенин атаң бузуку, апаң сойку эмес эле го?!».

19:29 Мариям («наристемден сурагыла» дегендей), ага ишарат кылды. «Бешиктеги ымыркай менен кантип сүйлөшөбүз?!» – дешти. (Ошондо, Аллах Өзүнүн Кудурети менен наристе – Исаны сүйлөтүп, ал апасынын аруу-таза экенине күбөлүк берип,)

19:30 Айтты: «Мен – Аллахтын пендесимин.[1] Ал (Өзүнүн келечектеги тагдыр-жазмышы боюнча) мага китеп берип, пайгамбар кылды.

19:31 Ал мени кайда барсам да берекеттүү кылып, мага – денемде жаным болсо эле – намаз окуп, зекет берүүнү буйруду.

19:32 Апама жакшылык кылууну буюрду. Жана Ал мени таалайсыз, ташбоор-текебер кылбады!

19:33 Жана мен туулган, өлгөн жана кайра тириле турган күндөрүмдө мага (Аллах тарабынан) тынчтык-амандык болсун!»

19:34 (Яхудилер менен христиандар) шек-күмөндө болуп жаткан Мариямдын уулу Иса (жөнүндөгү) Акыйкат Зат (Аллах)тын Сөзү – ушул.[1]

19:35 (Пенделери арасынан бирөөнү) Өзүнө бала кылып алуу Аллахка ылайык эмес! Ал (мындан) Таза! Эгер Ал бир ишти өкүм кылса, ага карап «бол!» деши менен болуп калат.

19:36 «Чынында, менин жана силердин Раббиңер – Аллах! Өзүнө гана ибадат кылгыла! Ушул гана эң туура жол!»

19:37 Кийин жамааттар (Иса жөнүндө) талашып-тартыша баштады. Каапыр адамдарга Улуу Күбөлүк күнүндө (Кыяматта) азап болсун!

19:38 Бизге келээр күнү, алардын кулагы аябай сак, көзү көрөгөч болуп калат.[1] Бирок, залимдер ал Күнү терең адашууда.