Шамсуддин Хакимов — 306
19:12 «Оо, Яхья! (Ыйык) Китепти(н өкүмүн) бекем карма!» Биз ага өкүм-шариятты наристелигинде эле берген элек.
19:13 Жана Биз ага Өзүбүздөн мээримдүүлүк, тазалык касиеттерин тартууладык. Ал - такыба болгон эле.
19:14 Ата-энесине кайрымдуу болду. Текеберленген (таш жүрөк) жана (Раббисине) каршы чыгуучу болбоду.
19:15 Ага туулган күнүндө, өлгөн күнүндө жана кайра тирилген күнүндө (Аллахтын) салам(ы) болсун!
19:16 (Оо, Мухаммад,) сен Китепте (Куранда) Мариямды(н окуясын) эсте: Бир кезде ал өз үй-бүлөсүнөн чыгыш тараптагы (бир) жерге бөлүнүп чыгып,
19:17 алардан чүмбөттөнүп алды.[1] Анан Биз ага Өз Рухубузду (Жебирейил периштени) жибердик. Ал Мариямга кадимки инсан кейпинде көрүндү.
19:18 (Анда, Мариям) айтты: «Мени сенден Чексиз ырайымдуу (Аллах) сактасын! Эгер Аллахтан коркуучу болсоң, (мага жолобогун)!».
19:19 «(Коркпо). Мен Раббиңдин элчиси(периште)мин. Сага аруу перзент бериш үчүн (жиберилдим)», – деди ал.
19:20 (Мариям) айтты: «Мага эч бир (эркек) адам кол тийгизбеген (кыз бала) жана сойку эмес болсом, менде кайдан бала болсун?!».
19:21 (Периште) айтты: «(Ооба) ушундай. Бирок, Раббиң айтты: «Аны адамдар үчүн (Өз кудуретибизден) белги жана Ырайым кылып жаратабыз. Бул иш тагдырда чечилип калган» (Периште ушул сөздөрдү айтып, Мариямдын көйнөгүнүн жакасына үйлөдү. Ушундан улам…)
19:22 Ал (Исага) кош бойлуу болуп, аны менен алыска кетип калды.
19:23 Анан, (катуу) толгоо (азабы) аны (бийик жердеги) курма дарагынын өзөгүнө алып келди. (Ошол жерде төрөгөн соң ачкачылыктан, суусагандан жана да эң коркунучтуусу адамдардын ушак сөздөрүнөн коркуп:) «Кана эми, ушуга чейин эле өлүп, таптакыр унутулуп калган болсом!» – деди.
19:24 Ошондо, андан ылдыйраак жерден (үн катты): «Кайгырба, Раббиң астыңдан суу (дарыя) агызып койду.
19:25 Жана өзүңө курма өзөгүн силксең сага жаңы, таза мөмөлөрүн түшүрөт.