Шамсуддин Хакимов — 304
18:98 (Бардык ишин бүтүргөндө): «Бул Раббимдин ырайымы. Эми, качан Раббимдин (Яжуж-Мажуж чыгат деген) убадасы келген күнү Өзү аны тегиздеп коёт (жана Яжуж-Мажужга жол ачат). Раббимдин убадасы – бул акыйкат» - деди.
18:99 Биз ошол (Яжуж-Мажуж чыккан) күнү аларды бири-бирине айкаш-уйкаш кылып таштайбыз жана «Сур» (кернейи) тартылганда баарын (Өзүбүзгө) чогултабыз.[1]
18:100 Ошол күнү каапырларга тозокту анык жолуктурабыз.
18:101 (Бул дүйнөдө) алардын көздөрү Менин эскермелеримден пардаланган жана (аны) угууга да алы келбейт.
18:102 Каапыр болгон адамдар Менден башка Өзүмдүн пенделеримди дос («кудай») тутунуп алууну (каалашабы жана «ошолор мени сактайт» деп) ойлошобу?! Биз каапырлар үчүн тозокту «конок үйү» кылып даярдап койдук.
18:103 Айт (оо, Мухаммад): «Иштеринде зыян тарткандар жөнүндө силерге кабар берейинби?
18:104 Алар бул дүйнө жашоосунда аракет-жолдору адашкан бирок, «өздөрүн эң мыкты иш жасап жатабыз» деп ойлогон адамдар.
18:105 Алар Раббилеринин аяттарына жана Ага (кыяматта) жолугууга ишенишпейт. (Бардык жакшы) амалдары күйүп кетти! Эми, кыямат күнү алар үчүн (кыпындай да) салмак (кадыр-барк) койбойбуз!
18:106 Менин аяттарымды жана пайгамбарларымды шылдыңдап, каапыр болгондору себептүү ушул тозок алардын жазасы!
18:107 Ыйман келтирип, салих-жакшы амал кылгандардын түшчү жери – Фирдаус бейиштери!
18:108 Ал жерде түбөлүк калышат жана андан (башка жакка) көчүүнү каалашпайт.
18:109 Айт, (оо, Мухаммад): «Эгер Раббимдин Сөздөрү(н жазуу) үчүн деңиз сыя болсо жана эгер дагы ошол деңизче сыяны (кошумча) алып келсек да, Раббимдин сөздөрү түгөнөөрдөн мурун сыя түгөнүп калат”.[1]
18:110 Айткын: «Мен силер сыяктуу эле кишимин. (Болгон айырмачылыгыбыз) мага (Раббимден мындай деген) аян-кабар жиберилет: «Силердин кудайыңар – Жалгыз Кудай. Ким Раббисине (бактылуу абалда) жолугууну кааласа, (Аллахтын шариятына ылайык) жакшы амал кылып, Раббисине ибадат кылганда (Ага) эч кандай шерик кошпосун!»[1]