Шамсуддин Хакимов — 301
18:62 (Белгиленген жерден) өтүп кеткенде Муса (кызматчы) жигитине: «Биздин тамакты алып келчи бери, бул сапарыбыздан абдан чарчадык го!» - деди.
18:63 (Анда жигит): «Билесизби, аска таштын жанында баш калкалап турганыбызда, мен балыкты унутуп калган экенмин. Муну (сизге айтууну) шайтан гана унуттурду! Ал (тирилип) деңизге жолун таап кеткен! (Бул) ажайып!» - деди.
18:64 «Биз каалаган нерсе – ушул» - деди Муса жана экөө изме-из артка кайтышты.
18:65 (Белгиленген жерде) Биздин пенделерибизден бир пендени табышты. Биз ага Өзүбүз тараптан (өзгөчө) ырайым берген жана алдыбыздагы (кайып) илимден ага (керегинче) үйрөткөн элек.[1]
18:66 Ага Муса айтты: «Өзүңүзгө (Аллах тарабынан) үйрөтүлгөн илимден түз-туура нерселерди мага да таалим беришиңиз үчүн сизге ээрчип жүрсөм болобу?»
18:67 Ал айтты: «Сен мени менен жүрүүгө сабыр кыла албайсың.[1]
18:68 Өзүң толук кабардар болбогон нерсеге кантип сабыр кылмак элең?
18:69 (Муса) айтты: «Аллах кааласа, менин сабыр кылганымды көрөсүз. Мен сиздин эч бир ишиңизге каршы чыкпаймын».
18:70 «Эгер мени ээрчисең, качан өзүм сага түшүнүк бермейинче, менден эч нерсе сурабайсың» - деди ал.
18:71 Ошентип, экөө жөнөп кетишти. Качан кемеге чыгышканда, ал (Кызыр) кемени тешип койду эле, (Муса убаданы унутуп): «Эмне сиз кемени, элдерин чөктүрүп жиберейин деп тештиңизби?! Сиз жаман иш жасадыңыз!» - деди.
18:72 «Мени менен (жүрүүгө) сабыр кыла албайсың дебедим беле?» - деди (Кызыр).
18:73 (Анда Муса): «Унутканым себептүү мени күнөөлөбөңүз. Ишимден мага оор болгонун жүктөбөңүз» - деди.
18:74 Дагы жол жүрүштү. Качан бир наристе баланы жолуктурушканда (Кызыр) аны өлтүрүп койду. «Сиз бейкүнөө жанды жан(га-жан мыйзамы)сыз эле, өлтүрүп койдуңуз! Сиз жаман иш кылдыңыз!» - деди (чыдай албаган Муса).