>

Шамсуддин Хакимов — 300

18:54 Биз бул Куранда адамдарга (эсине келип, жолун таап алсын деп) ар түрдүү мисалдарды келтирдик. Инсан көп нерселер жөнүндө талаша берет.

18:55 Өздөрүнө Хидаят (Ислам чындыгы) келгенден кийин, адамдарды ыйманга келүүдөн, жана Раббисине тообо кылуудан тоскон нерсе – аларга абалкылардын жолунун (кайталанып) келиши(н) же утурлап азап келиши(н талап кылгандары) гана болду.[1]

18:56 Биз бардык пайгамбарларды (бейиштен) куш кабар, (тозоктон) сестентүүчү кабар берүүлөрү үчүн жиберебиз. Каапыр адамдар (өз) жалган(дары) менен Акыйкатты жеңип алабыз деп талашышат. Менин аяттарымды жана коркутулган нерселерди (тозок кабарларын) азил-тамаша кылып алышат.

18:57 Раббисинин аяттары эскертилгенде андан жүз буруп, жасаган күнөөлөрүн унуткандардан көбүрөөк залым (каапыр) болгон бирөө барбы?! Биз алардын жүрөктөрүнө – Куранды түшүнбөй калсын деп – чүмбөт жаап койдук, кулактарында дүлөйлүк бар! Эми аларды туура жолго ар канча чакырсаң да, эч качан оңолушпайт!

18:58 Сенин Раббиң – Ырайымдуу, Кечирүүчү. Эгер күнөөлөрүнө жараша жазаласа, аларга азапты тездетмек. Алар үчүн убада кылынган Күн (Кыямат) бар. Ал күнү алар Аллахтан башка Куткаруучуну таппай калышат.

18:59 Биз мына бул шаарларды(н элдерин) чектен чыгып каапыр болуп кеткенде (берилген мөөнөт – ырайымды билбей ашынып кеткенде) кыйратканбыз жана кыйроолоруна убакыт белгилегенбиз.[1]

18:60 Бир кезде Муса (кызматчы) баласына: «(Белгиленген) эки деңиздин кошулуш жерине жеткенге чейин же болбосо алыс жол басканга (чарчаганга) чейин жүрүүдөн токтобоймун» деди.[1]

18:61 Экөө эки деңиздин кошулган жерине жеткенде, балыктарын унутуп (жоготуп) коюшту. Балык болсо, деңизге бет алып, (себеттен) чыгып кеткен.[1]