Шамсуддин Хакимов — 3
2:6 Чынында, сен каапырларды (тозоктон) эскертесиңби же эскертпейсиңби баары бир, ыйман келтиришпейт.
2:7 Аллах алардын жүрөктөрүнө жана кулактарына мөөр басып, көздөрүнө парда тосуп койгон жана (Акыретте) алар үчүн чоң азап бар.
2:8 Адамдардан кээ бирөөлөрү «Аллахка жана Акырет күнүнө ыйман келтирдик» дешет. Бирок, алар ыймандуу эмес.
2:9 Аллахты жана ыймандууларды алдамакчы болушат, бирок өздөрүн гана алдап жатканын сезишпейт.
2:10 Жүрөктөрүндө оору бар. Аллах оорууларын дагы күчөтүп, көбөйттү. Ошондой эле жалган сүйлөгөндөрү себептүү алар үчүн жан ооруткан азап бар.
2:11 Эгер аларга «Жер бетинде бузукулук кылбагыла» - деп айтылчу болсо, «Биз болгону - оңдоочуларбыз» - дешет.
2:12 Чындыгында, алар - анык бузукулар. Бирок, өздөрү (муну) сезишпейт.
2:13 Дагы аларга «Адамдар ыйман келтиргендей ыйман келтиргиле» - деп айтылса, «(Ушул) акылсыздар сыяктуу ыйман келтиребизби?!» - дешет. Чындыгында, өздөрү анык акылсыз! Бирок, (муну) билишпейт.
2:14 Ыймандуу кишилерге жолукканда: «Биз ыйман келтирдик» - дешет. Ал эми, өздөрүнүн шайтандары (чоңдору) менен жалгыз калышса: «Чынында, биз силер мененбиз. Биз аларды шылдың кылуудабыз» - дешет.
2:15 Аллах аларды шылдыңдайт жана сокур болушуп (акыйкатты көрбөй), адашууларында жүрүүлөрүн узартат.
2:16 Алар - туура жолдун ордуна адашууну сатып алышкан. (Бул) «соодалары» пайда бербеди жана туура жолго түшүшпөдү.