Шамсуддин Хакимов — 298
18:35 Жана өзүнө залым (каапыр) болгон абалда (кооз-көркөм) багына кирип: «Бул (байлыгым) менден эч качан жоголбойт го…
18:36 Кыямат деле болбосо керек. Эгер (болуп калып) мен Раббиме кайтарылган күндө да, азыркыдан жакшыраак келечек тапсам керек деп ойлоймун» - дечү.
18:37 Берки шериги сүйлөшүп олтуруп ага мындай деди: «Сени (оболу) топурактан жаратып, кийин (ушундай көркөм) адам келбетине киргизген Раббиңе каапыр болдуңбу?
18:38 Бирок, мен «Раббим – Аллах» (деймин) жана Раббиме эч нерсени шерик кылбаймын.
18:39 Эгер сен багыңа киргенде: «Аллахтын каалаганы (болот). Аллахтан башка күч-кубат жок» десең (жакшы болмок). Эгер сен мени мал-дүйнө, бала-чака жаатынан өзүңдөн аз деп кемсинтсең,
18:40 Раббим мага сенин багыңдан жакшыраак бак насип кылып, сенин багыңа асмандан (добул, жамгыр сыяктуу) апаат-балээ жиберип койгусу бардыр. Анда (мактанган) багың ойрону чыккан ээн талаага айланып калат!
18:41 Же болбосо, суусу тартылып, (багың куурап) суу таппай да калаарсың».
18:42 (Чын эле) анын байлыгы (багы асмандан түшкөн от балээсинин) арасында калды. Өзү, багына сарптаган нерселерине (бушайман болуп) алакандарын оодарып кала берди. Бак болсо, дарактардын (дөңкөйгөн) денелери сороюп, сып-сыйда болуп калды! Жана ал: «Эх, кана эми Раббиме эч нерсени шерик кылбаган болсом!» - деди.
18:43 Жана ага жардам бергидей, Аллахтан башка топ-жамааты да болбой, өзүнө-өзү да жардам бере албай калды.
18:44 Анда(й шартта) чыныгы достук, жакындык (ишенип-жөлөнүү) Аллахка (гана болушу зарыл) Анын сооп-сыйлыгы да, акыбет-натыйжасы да эң мыкты!
18:45 (Оо, Мухаммад,) аларга дүйнө жашоосунун мисалын Биз асмандан түшүргөн сууга окшоштур: Ал суу менен жер өсүмдүктөрү ширелишип, (жер бети гүл болуп) калды. (Арадан эч канча убакыт өтпөй эле, баары кургап) шамал учурган, куурап сынган шыпырындыга айланды. Аллах ар нерсеге Кудуреттүү!