>

Шамсуддин Хакимов — 292

17:97 Аллах кимди туура жолго баштаса - ал туура жолдо. Ал эми, кимди адаштырса, ага (Анын) Өзүнөн башка жардамчыны таба албайсың. Жана Биз аларды Кыямат Күнү жүзүн жер караткан абалда сокур, дүлөй, дудук кылып тирилтебиз. Алардын орду - тозок! Ар качан анын оту азайган сайын алар (көбүрөөк күйсүн) үчүн отту көбөйтүп турабыз.

17:98 Бул алардын: «Эгер биз(шагыраган) сөөк жана чириген топурак болуп калсак деле, жаңыдан жаратылып, кайра тирилет белек?!» деген сөздөрү жана Биздин аяттарыбызга каапырлык кылгандары себептүү (туш болгон) жазалары!

17:99 Асмандар менен жерди жарата алган Аллах, аларды өзүндөй кылып (кайрадан) жаратууга кудуреттүү экенин алар билишпейби?! Аллах алар(дын кайра тирилүүсү) үчүн эч бир шек-күмөн жок болгон белгилүү мөөнөттү (дайын) кылган. Залымдар болсо, каапырлыктан башка бардык нерседен баш тартты.

17:100 Айткын: «(О, мушриктер!) Эгер силер Раббимдин Ырайым Казыналарына ээ болуп калчу болсоңор, аны садака кылуудан коркуп, жашырып койоор элеңер. Инсан (ушундай) сараң.

17:101 (О, Мухаммад!) Биз Мусага тогуз моожиза бергенбиз. (Эгер шектенсең) Исраил урпактарынан сура.[1] (Муса) аларга барганда, Фараон ага: «О, Муса, мен сени сыйкырланып калсаң керек деп ойлоймун» - деди.

17:102 (Анда Муса) айтты: «Сен мына бу(моожиза)ларды асмандар жана жердин Раббиси (Аллах) (пенделерине Өз кудуретинен) көз көрүнөө белги кылып түшүргөнүн билип элс турасың. Демек, мен сени, эй, Фараон, кыйрагандардан болоорсуң деп айта аламын».

17:103 Кийин (Фараон) аларды (Мисир) жеринен айдап чыгууну каалады эле, Биз аны жана аны менен бирге болгондордун бардыгын (деңизге) чөктүрүп жибердик.

17:104 Андан (Фараондон) соң Биз Исраил урпактарына: (Мисир) жер(ин)де жашап тургула, эми качан гана Акырет убадасы келгенде, баарыңарды (амалыңарга жараша сооп же жаза бериш үчүн Акыретке) алып келебиз» дедик.