>

Шамсуддин Хакимов — 290

17:76 Алар сени (өзүң туулган) жерден чыгарып жиберүү үчүн айдаганга камданып калышкан. Андай болсо, Сенден кийин өздөрү да көпкө турушпайт.[1]

17:77 Бул сенден мурда жиберген пайгамбарлардын (Биз түзүп койгон) жолу.[1] Сен Биздин жолубуз өзгөргөнүн көрбөйсүң.

17:78 (О, Мухаммад!) Күн чак түштөн (батышка) оогондо, түн караңгысына чейин намаз оку. Жана таңдын намазын да (оку). Чынында, таңдын намазы күбө болунган (намаз).[1]

17:79 Түндүн бир бөлүгүндө туруп, өзүң үчүн нафил намаздарында Куран оку. Мүмкүн (ошондо) Раббиң сени макталган орунда тирилтээр![1]

17:80 Айткын: «О, Раббим! Мени бир орунга киргизсең жакшылык-чындык менен киргиз жана бир (жамандык болуп жаткан) жерден чыгарсаң да чындык менен чыгар! Өзүң тараптан мага дем болуучу кубат-далилдерди бер!

17:81 Жана Айткын: «Акыйкат (Ислам) келип, жалган (диндер) жоголду. Аныгында жалган – жоголуучу нерсе.[1]

17:82 Биз ыймандуулар үчүн шыпаа жана ырайым болгон Куранды түшүрөбүз. Ал эми (Куран аяттары) залымдардын зыяндарын гана көбөйтөт.[1]

17:83 Эгер Биз инсанга нээмат- жакшылык берсек, (сүйүнүп, оолугуп) Аллахтан четтеп, жүз буруп (шүгүр кылбай) кетет. А, эгер бир жамандык кармаса, (Аллахтан биротоло) үмүтсүз болуп калат.

17:84 Айт: «Ар бир адам өз абалына жараша амал кылат. Бирок, Раббиң ким туура жол табуучу экенин жакшы билет.

17:85 (О, Мухаммад!) сенден Рух жөнүндө сурашат. Айткын: «Рух Раббимдин (Өзүнө гана таандык) иштеринен» жана силерге (о, адамдар) аз гана илим берилген.

17:86 Эгер Биз кааласак сага Өзүбүз вахий кылган нерсени (Куранды сенден) кетире алабыз, анан, өзүң үчүн Бизге каршы (Куранды кайтарып бере турган) жардамчы таба албай каласың.