>

Шамсуддин Хакимов — 289

17:67 Жана эгер силерди деңиз үстүндө бир апаат кармаса, жалбарып, дуба кылган «кудайыңар» жоголуп, Анын (Аллахтын) Өзү гана калат. (Жана Өзүнө жалбарып: «О, Аллах! Өзүң жалгыз кудайыбызсың! Куткара көр!» дейсиңер). Эми, Ал силерди кургакка чейин (жеткирип) куткарып койсо, (дагы эле бут- кудайыңарга) бурулуп кетесиңер. Инсан жакшылыкка шүгүрсүз болду!

17:68 Эмне, силерди кургакта жер жутуп жиберишинен же болбосо, (Аллах) силерге таш бороонун жиберишинен, кийин өзүңөргө (эч бир) өкүл-коргоочу таппай (мукурап) калышыңардан коопсузсуңарбы?!

17:69 Дагы силер (Аллах) силерди кайрадан деңизге кайтарып, үстүңөрдөн добул жиберип, каапырлыгыңарга жараша чөктүрүп жиберишинен коопсузсуңарбы?! Кийин Бизге каршы бир да өч алып берчү адамды таба албай каласыңар![1]

17:70 Чынында, Биз адам перзенттерин (башка макулуктардан) улук кылып, кургактагы жана деңиз үстүндө(гү нерселерге) миндирип, таза-адал нерселерден ырыскы бердик жана Өзүбүз жараткан көп нерселерден бир кыйла абзел-жогору кылып койдук.

17:71 Биз бардык инсандарды ээрчиген жолбашчылары[1] менен (суракка) чакырган (Кыямат) Күндө, кимдин (амал) китеби оң тарабынан берилсе, алар өз китептерин (сүйүнүп) окушат жана аларга чел кабыкчалык дагы зулумдук кылынбайт.

17:72 Ал эми, ким ушул дүйнөдө сокур (сыяктуу акыйкатты көрбөгөн) болсо, ал Акыретте да сокур жана (бейиш) жолунан адашкан болот.

17:73 (О, Мухаммад, Биз сага аян-кабар кылган нерселердин ордуна) Бизге каршы башкаларын ойлоп чыгарышыңды үмүт кылышып, мушриктер сени, Биз сага аян-кабар кылган нерселерден азгырууга жакын аракеттерди жасашты. Анда (аракеттери оңунан келгенде) сени эң жакын дос кылып алышмак.

17:74 Эгерде Биз сени (туура жолдо) бекем кылбаганда, аларга бир аз жакындашып калмаксың.

17:75 Анда (эгер алардын каалоолорун ээрчигениңде) Биз сага (ушул) жашоодо да, өлүмдө(н кийинки жашоодо) да удаама-удаа азаптарды таттыраар элек. Кийин Бизге (Биздин азапка) каршы эч бир жардамчы таппай калаар элең!