>

Шамсуддин Хакимов — 286

17:39 «Булар Раббиң аян-кабар кылган үлгүлүү наасаттардын кээ бирөөлөрү. Эми, сен Аллахка башка «кудайды» кошпогун, анда, (эгер ширк кылсаң) айыпталган, жек көрүлгөн абалда тозокто (түбөлүк) каласың!»

17:40 (О, мушриктер) Раббиңер силерге уул перзенттерди тандап, Өзү периштелерди кыз кылып алыптырбы?![1] Чынында, силер чоң күнөөлүү сөздү сүйлөп жатасыңар!

17:41 Биз бул Куранда аларга (түрдүү өкүмдөрдү) баян кылдык, эстерине келиши үчүн. Бирок, бул(баянд)ар алардын (чындыктан) качууларын гана көбөйттү.

17:42 Айт (о, Мухаммад,) “Эгер алар айткандай Аллах менен бирге башка кудайлар бар болсо, анда алар Арштын Кожоюнуна (каршы, аны жеңүү үчүн) жол издешмек.

17:43 Аллах алар сыпаттаган нерселерден Бийик, Улук жана Аруу!

17:44 Аллахка жети асман, жер жана алардагы бардык (жандуу-жансыз) нерселер мактоо менен тасбих айтышат. Бирок, алардын тасбихтерин силер түшүнбөйсүңөр. Чынында, Аллах Кеңпейил, Кечирүүчү.

17:45 (О, Мухаммад!) Эгер Куран окусаң, сени менен Акыретке ишенбегендердин арасына тосулган парда тартып койобуз.[1]

17:46 Жана алардын жүрөктөрүнө Куранды түшүнө албай калсын деп, чүмбөт ороп, кулактарын “дүлөй” кылып койобуз. Качан сен Куранда жалгыз Раббиңди эстесең, артка бурулуп, качып кетишет.

17:47 Алар сени(н Куран окуганыңды) эмне себептен угуп жатканын биз жакшыраак билебиз. Андыктан, алар сени укканда, (өз ара) шыбырашканда залымдар “Силер сыйкырланган адамга ээрчип жатасыңар” дешет.

17:48 Карачы, алар сага кандай гана мисалдарды келтирип, экинчи жол таба албай турган болуп адашышат.

17:49 Жана “биз (өлүп, шагыраган) сөөктөр жана чириген тарп болуп калсак деле, жаңыдан жаратылып, кайра тирилебизби?!”- дешет.