>

Шамсуддин Хакимов — 285

17:28 Же болбосо, Раббиңдин ырайымынан (байлыгынан) үмүт кылып, аларга (аргасыздан) жүз үйрүсөң, ширин сөздөрдөн айткын.[1]

17:29 (Эки) колуңду мойнуңа таңылгандай кылып алба! (Ошондой эле,) Биротоло ачып (чачып) жибербе! Жек көрүндү жана куржалак болуп каласың.

17:30 Чынында, сенин Раббиң каалаган пендесине ырыскыны кенен берет, каалаганына ченеп берет. Ал пенделеринин (абалынан) Кабардар, Көрүүчү.

17:31 (О, адамдар!) Жокчулуктан коркуп перзентиңерди өлтүрбөгүлө! Аларга да, силерге да Өзүбүз ырыскы беребиз. Аларды өлтүрүү эң чоң күнөө![1]

17:32 Зынага жакындабагыла! Ал - бузукулук жана эң жаман жол!

17:33 Аллах (өлтүрүүнү) арам кылган жандарды кыйбагыла! Акыйкат менен болсо, мейли. Кимде-ким зулумдук менен өлтүрүлсө, анын (маркумдун) ээлерине (өлтүрүүчүнүн үстүнөн толук) бийлик беребиз. Бирок, өлтүрүүдө ысырап кылбасын! Ал - жардам берилген адам.[1]

17:34 Эрезеге жеткенге чейин жетимдердин мал-мүлкүнө жакындабагыла, бир гана жакшы ниет менен болсо, мейли. Жана убаданы аткаргыла. Албетте убада (Акыретте) суралчу нерсе.

17:35 Өлчөгөндө (тартканда) өлчөөнү толук кылгыла! Жана туура тараза менен тарткыла! Ушул жакшы жана эң мыкты чечим.

17:36 Өзүң (анык) билбеген нерсени ээрчибе! Чынында, кулак, көз жана жүрөк, ушулардын баары (кыяматта) суралуучу нерселер.

17:37 Жер бетинде текеберлене-көөп жүрбөгүн! Сен бутуң менен жерди тешип жибере албайсың жана бийиктикте тоолорго тең келе албайсың!

17:38 Ушулардып баары Раббиңдин алдында макүрөө саналган жаман кулк-мүнөздөр.