>

Шамсуддин Хакимов — 284

17:18 Кимде-ким тез өтүүчү (дүйнө)нү кааласа, Биз анда (дүйнөдө) каалаган адамыбызга, каалаган нерсебизди ал үчүн тездетип беребиз. Кийин (Акыретте) ага жек көрүлгөн, шерменде абалында таштала турган тозокту (насип) кылабыз.

17:19 Ал эми, кимде-ким акыретти(к соопту) каалап, ыймандуу болуп, аракетин ошого арнаса, алардын аракеттери кабыл алынган.

17:20 (Бирок, бул дүйнөдө) тигилерге деле, буларга деле жакшылыктарыбызды жеткире беребиз. Раббиңдин жакшылыгы (бул дүйнөдө эч кимден) тосулган эмес.

17:21 Карачы, Биз (дүйнөдө адамдардын) бирөөлөрүн башкаларынан кантип абзел-пазилеттүү кылып койдук. Бирок, акыреттик пазилет менен (акыреттик) даражалар чоңураак.

17:22 Сен (эч качан) Аллахка дагы бир «кудайды» кошпогун! Анткенде, жек көрүндү болуп, (сооптордон) куржалак олтуруп каласың.

17:23 «Раббиң өкүм (буйрук) кылды: Өзүнөн башка (кудай)ларга ибадат кылбайсың, ата-энеңе жакшылык кыласың, эгер алардан бирөөсү же экөө тең сенин алдыңда картайган жашка жетсе, аларга «уф-ф» дебейсиң, аларды(н сөздөрүн) кайрыбайсың жана улук (сылык) сөздөрдү гана сүйлөйсүң».[1]

17:24 Сен алар үчүн ырайымдуулук менен кичипейилдик «канатыңды» жаз жана (мындай деп) айт: «О, Раббим! Ал экөөсүнө, мага наристе кезимде мээримдүүлүк көргөзгөндөрү сыяктуу мээримдүүлүк көргөз!»

17:25 Силердин ичиңердеги нерсени[1] Раббиңер жакшы Билүүчү. Эгер салих-таза адамдардан болсоңор, чынында, Ал (Өз Жолуна) кайтуучуларга Кечиримдүү.

17:26 Тууган-уруктарга, мискин-кедейлерге жана мусапырларга (адамдык акы-укугун жана урмат, жардам) бергиниң. Бирок, ысырапкор-чачуучу болбогун!

17:27 Аныгында, ысырапкорлор – шайтандын достору. А, шайтан болсо, Раббисине өчөшкөн каапыр!