Шамсуддин Хакимов — 283
17:8 (Эгер тообо кылсаңар) Раббиңер силерге дагы эле ырайым кылса ажеп эмес. Эгер (күнөөгө) кайтсаңар, Биз да (силерди жазалоого) кайтабыз. Биз каапырларга тозокту (түбөлүк) түрмө кылганбыз.
17:9 «Чынында, бул Куран (инсаниятты) эң туура жолго баштайт[1] жана салих (жакшы) амал кылган ыймандуу адамдар үчүн чоң сыйлыктар бар экени жөнүндө сүйүнүч кабар берет».
17:10 Акыретке ишенбеген адамдарга Биз жан ооруткан азапты даярдап койгонбуз.
17:11 Инсан жакшылык тилеп дуба кылганы сыяктуу, жамандык тилеп да дуба кыла берет.[1] Инсан (ушундай) шашма.
17:12 Биз түн менен күндүздү (Өз кудуретибизге далил катары) эки аян-белги кылдык. Анан (элдер тынч эс алсын деп) түн-белгини өчүрдүк (караңгы кылдык). Ал эми, Раббиңердин пазилетин издеп,(тиричилик кылып) жүрүшүңөр үчүн жана эсеп менен жыл санагын билишиңер үчүн күн-белгини жарык кылдык. Биз ар бир нерсени анык-айкын баяндадык.
17:13 Ар бир адамдын (жакшы же жаман) ишин өз мойнуна илип койдук жана кыямат күндө ага, таратылган, өзү жолукчу китебин (амал дептерин) чыгарып беребиз. (Жана):
17:14 «Китебиңди оку, бүгүн өзүңдүн зыяныңа өзүң жетишерлик эсепчисиң!» (дейбиз).
17:15 Ким туура жолго түшсө - өз пайдасы үчүн түшөт. Кимде-ким адашса, өзүнүн зыянына адашат. Эч ким бирөөнүн жүгүн (күнөөсүн) көтөрбөйт. Биз пайгамбар жибермейинче (эч кимди) азапка салбайбыз.[1]
17:16 Эгер Биз бир шаарды кыйратууну кааласак, анын дене кумарына берилген (бай) адамдарына буюрабыз.[1] Кийин алар шаарда бузукулук кылганда, үстүлөрүнө сөз (азап) түшүүсү ылайык болуп калат. Анан аны жер менен жексен кылабыз.
17:17 Биз Нухтан кийин дагы нечендеген муундарды кыйраттык. Раббиң Өз пенделеринин күнөөлөрүнөн жетиштүү Кабардар (жана) Көрүүчү.