Шамсуддин Хакимов — 282
17:1 Пендесин түн ичинде Аль-Харам мечитинен Биз айланасын берекелүү кылган Аль-Акса мечитине сейил кылдырган Аллах (каапырлар таңуулаган алсыздык сыпаттарынан) Аруу-Таза! Биз ага (пендебизге) Өзүбүздүн белгилерибизди көргөзүү үчүн (сейил кылдырдык). Ал - Угуучу, Көрүүчү.[1]
17:2 Биз Мусага Китепти (Тооратты) берип, аны Исраил урпактары үчүн туура жол кылдык. (Жана аларга): «Өзүңөргө Менден башканы өкүл-башкаруучу кылып албагыла» (дедик).
17:3 Биз Нух менен бирге (кемеде) көтөргөн (жана чөктүрбөй, сактап калган) адамдардын урпактары, (уккула:) чынында, ал (Нух) абдан шүгүр кылуучу пенде болгон.
17:4 Биз Китепте (Тооратта) Исраил урпактарына: «Жер бетинде эки ирет бузукулук кылып, аябай, чектен чыгып, текеберленесиңер» деп вахий (кабар) кылдык.
17:5 Эми, ошол эки убаданын биринчисинин убактысы келгенде, силердин үстүңөргө абдан күчтүү пенделерибизди жибердик эле, үй-жайыңарды аралап (талкалап) киришти. Жана ал (убада) аткарылган убада болду.[1]
17:6 Кийин, кезекти алардын зыянына силердин пайдаңарга кайтардык жана силерди мал-мүлк, бала-чака менен кубаттандырып, саныңарды көбөйттүк.
17:7 Жакшылык кылсаңар өзүңөргө пайда, жамандык кылсаңар да (зыяны) өзүңөргө кайтат. Акыркы (экинчи) убаданын убактысы келгенде, (силерди жеңип, кул кылып) жүзүңөрдүн кунарын кетириш үчүн, биринчи жолкусунда кирген сыяктуу мечитке (Аль-Аксага) кирүү (жана аны ойрон кылуу) үчүн жана басып алган жерлерин талап-талкалоо үчүн (кубаттуу душманыңар кайтып келди).