>

Шамсуддин Хакимов — 279

16:103 Биз билебиз, алар (мушриктер): “Чынында, Куранды Мухаммадга (бир) адам үйрөткөн» деп жатышат. Алар (пайгамбардын устаты деп) көргөзүп жаткан адамдын тили арабча эмес. Ал эми, бул (Куран) анык-таза араб тилинде!

16:104 Албетге, (ар нерсени шылтоолоп) Аллахтын аяттарына ыйман келтирбей жүргөн адамдарды Аллах туура жолто баштабайт жана аларга жан сыздаткан азап бар.

16:105 Чынында, Аллахтын аяттарына ыйман келтирбегендер гана (ушундай) жалгандарды ойлоп табышат. Алар - жалганчылар!

16:106 Кимде-ким ыйманга келгенден кийин Аллахка каапыр болуп, көкүрөгүн каапырчылыктарга кенен ачып койсо, аларга Аллахтын каары жана улук азап бар. Ал эми, жүрөгү ыйман менен (толуп) бейпил турган абалда (тили менен гана “Динден кайттым” деген сөздү айтууга) мажбур кылынган адамдар (га азап-күнөө жок).

16:107 Мунун себеби, алар (көкүрөгүн капырчылыкка ачкандар) Акыретке караганда (опосуз) дүйнө жашоосун көбүрөөк сүйүштү. Албетте, Аллах каапыр коомдорду туура жолго баштабайт.

16:108 Аллах алардын жүрөгүнө, кулактарына жана көздөрүнө мөөр басып (акыйкатты кабыл алалбай турган кылып) койгон. Эми, алар капилеттеги (аңкоо) адамдар.

16:109 Эч шексиз, алар Акыретте зыян тартуучулардан болушат.[1]

16:110 Андан соң, албетте, сенин Раббиң, (көп) каршылыктарга учурагандан кийин (өз диндерин сактап калуу үчүп) хижрат кылган, жихадга чыккан жана (дин жолундагы кыйынчылыктарга) сабырдуулук көргөзгөн адамдарды - ушулардан кийин - албетте, Кечирүүчү жана Өз Ырайымына алуучу.