Шамсуддин Хакимов — 278
16:94 Антыңарды алдоо куралы кылып албагыла! (Эгер ошентчү болсоңор) бутуңар (түз жолдо) бекем болгондон соң тайып кетет жана Аллахтын жолунан адаштырганыңар себептүү азап чегип каласыңар! Кыяматта да чоң азапка кабыласыңар!
16:95 Аллахтын убадасын аз гана баага сатып жибербегиле. Эгер билсеңер, силер үчүн (дүйнө пайдасынан) Аллахтын алдындагы сооп жакшы.
16:96 Силердин алдыңардагы нерселер (канчалык көп болсо да) түгөнөт. Аллахтын алдындагы нерселер түбөлүктүү! Биз сабыр кылгандардын сооп-сыйлыгын жасаган ишинен жакшыраак (көбүрөөк) кылып беребиз.
16:97 «Ыймандуу болуп, жакшы амалдарды кылган эркек жана аялдарга Биз жакшы жашоо беребиз жана аларды кылган амалдарынан жакшыраак сыйлыктар менен сыйлайбыз».[1]
16:98 Качан сен Куран окусаң (Аллахтын ырайымынан) куулган шайтандан коргоо тилеп Аллахка сыйын![1]
16:99 Албетте, (Аллахка ыклас менен) ыйман келтирген жана Раббисине тобокел кылган адамдарга шайтандын бийлиги өтпөйт.
16:100 Анын бийлиги мушрик болуп, өздөрүнө аны (шайтанды) дос жетекчи кылып алгандарга өтөт.
16:101 (О, Мухаммад!) Эгер Биз бир аяттын ордуна башкасын алмаштырсак - Өзү түшүргөн нерсесин Аллах Өзү Билүүчү[1] - алар (мушриктер) «Сен (ичиңден) ойлоп чыгаруудасың» дешет. Жок! (Андай эмес) Алардын көпчүлүгү билишпейт.
16:102 Ал аятты Ыйык Рух (Жебирейил периште) Раббиң тарабынан ыймандууларды (Өз жолуна) бекемдеш үчүн, туура жол жана мусулмандарга Жакшы Кабар болушу үчүн акыйкат менен түшүргөн.