>

Шамсуддин Хакимов — 277

16:88 (Өздөрү) каапыр болуп (башкаларды) Аллахтын жолунан тоскон адамдардын азабынын үстүнө азап кошобуз, бузукулук кылгандары себептүү.

16:89 «Биз (силерди) кайрадан тирилткен күндө ар бир үммөткө өздөрүнөн бир күбөнү (пайгамбарын) алып келебиз. Сени да (о, Мухаммад,) тигилерге (өз үммөтүңө) күбө катары алып келдик. Биз сага Китепти (Куранды) ар бир нерсеге баяндама, туура жол, ырайым жана мусулмандар үчүн жакшы кабар иретинде түшүрдүк».

16:90 Албетте, Аллах адилеттүүлүккө, жакшылыкка, тууган-уруктарга кайрымдуулук кылууга буюруп, бузукулуктан, (шариятка) терс пейилдерден жана зулум- душманчылыктан кайтарып, силерге наасат кылат. Кана эми, эсиңерге келсеңер!»

16:91 Убада бергениңерде Аллахтын убадасын аткаргыла! Бекемдегениңерден кийин антыңарды бузбагыла! (Анткени,) Силер (Аллахты ортого коюп ант ичкениңерде) Аллахты кепил кылгансыңар. Албетте, Аллах эмне кылганыңарды билип турат.

16:92 Бекем ийрип, орогон соң, ийигин сындырып (жибин чубап) салган аялга окшобогула: бир эл башка бир (силер убадалашкан) элден пайдалуураак болсо эле, өз ара антташкан убадаңарды алдоо куралы кылып аласыңар! Аллах бул (убада) менен силерди сынап жатат жана Кыямат күнү силерге, келише албай калган нерсеңердин анык баянын билдирет.

16:93 Эгер Аллах кааласа, силердин бардыгыңарды бир үммөт (бир динде) кылып коймок. Бирок, Ал каалаганын адаштырып, каалаганын Туура Жолго салат. Силер (Кыяматта) эмне иш кылганыңар жөнүндө сураласыңар.