Шамсуддин Хакимов — 276
16:80 Аллах силер үчүн үйүңөрдү тынч мекен кылды жана айбандардын терилеринен көчүп-конуп жүргөнүңөрдө жеңил болгон үйлөрдү жасап берди. Жана алардын жүндөрүнөн, тыбыттарынан, кылдарынан бир мезгилге (Кыяматка) чейин (керектелүүчү) буюмдарды жана матааларды (жаратты).
16:81 Аллах Өзү жараткан нерселерден көлөкө-башпаанектерди, тоолордон үңкүр-үйлөрдү жасап берди. Дагы силер үчүн ысыктан сактаган кийимдерди жана (өз-ара) соккуңардан сактай турган,(зоот) кийимдерди жаратты. (Аллах) силерге мына ушинтип Өз нээматын толук берет. Кана эми (силер да толук) мусулман болсоңор?!
16:82 (О, Мухаммад!) Эгер (наасааттан) жүз бурушса, (артынан түшүп алба) сенин милдетиң анык жеткирүүдөн гана турат.
16:83 Алар Аллахтын нээматын таанып-билип эле турушат. Бирок, кийин моюнга албай коюшат. Алардын көпчүлүгү каапырлар.
16:84 Биз аларды кайра тирилткен (Кыямат) Күндө ар бир үммөттөн (бирден) күбөнү алып келебиз.[1] Кийин каапырлар үчүн (кечирим суроого) уруксат берилбейт жана (кайрадан жашап келүүгө да) кайтарылышпайт.
16:85 Зулумдук кылган (каапыр) адамдар азапты көрүшкөн убакта алардан(азап) жеңилдетилбейт. Жана мөөнөт да берилбейт.
16:86 Эгер Аллахка шерик кошкондор өз “кудайларын” көрүп калса: “О, Раббибиз - (Аллах!), Сени таштап биз дуба-ибадат кылган “кудайларыбыз ушулар”- дешет. Анда аларга (“кудайлары”): “Силер - анык жалганчысыңар!” - деп сөз ыргытат.[1]
16:87 Ошол күндө алар Аллахка моюн сунуп, кор болуп калышат. Ойлоп тапкан “кудайлары” болсо, жок болуп кетет.[1]