>

Шамсуддин Хакимов — 272

16:43 (О, Мухаммад!) Биз сенден мурда жалаң эркек кишилерди гана пайгамбар кылып жибергенбиз (жана) аларга (Дин-Шарият) вахий кылганбыз. (Эй, мушриктер), эгер билбесеңер илимдүүлөрдөн (Ыйык Китептерди билгендерден) сурагыла.

16:44 (Биз пайгамбарларды) анык кабарлар, (жана башка ыйык) китептер менен (жибергенбиз). Биз сага (эң абзел) илим - Куранды түшүрдүк, адамдарга (Раббиси тарабынан) эмнелер келгенин баяндап берүүң үчүн. Кана эми, (ушулар жөнүндө) пикир кылышса!

16:45 (Ислам менен пайгамбарга каршы) жаман айлакерликтерди жасаган адамдар, өздөрү сезбеген тараптан азап келип калышынан же болбосо, аларды жер жутуп жиберишинен (тынч бекен)?!

16:46 Же болбосо, (бейкапар) саякат кылып жүргөн мезгилинде аларды (капыстан,) кутулбай турган таризде (азап) кармап калышынан,

16:47 Же жүрөгү (бир жамандыкты сезип) коркуп турган убакытта (азап) кармашынан (тынч бекен)?! Чынында, силердин Раббиңер Ырайымдуу, Боорукер.[1]

16:48 Алар (шектенгендер) Аллах жараткан нерселерге карашпайбы? Алардын көлөкөсү, (Аллахтын кудуретине) моюн сунуп, сажда кылган абалда оңго-солго ийилип жатканын көрбөй жатышабы?!

16:49 Аллахка асмандар жана жердеги жаныбарлардын бардыгы жана (улуу) периштелер дагы эч текеберленбей сажда кылышат.

16:50 (Себеби) Алар үстүлөрүндөгү Раббисинен коркушат жана өздөрүнө буюрулган нерсени (дароо) аткарышат.

16:51 Аллах айтты: “(Мага дагы бирөөнү шерик кылып) эки кудай тутуп албагыла! Чынында Ал - Жалгыз Кудай! (Демек, жалгыз) Өзүмдөн гана корккула!”

16:52 (Анткени,) жер-асмандардагылардын бардыгы Анын мүлкү. Дин (ибадат-сыйынуу) дагы бүт бойдон Өзүнө гана таандык. Эмне, силер Аллахтан башкадан коркосуңарбы?!

16:53 Силерде болгон (көрүнгөн жана көрүнбөгөн) нээматтардын бардыгы Аллахтан. Кийин (силер, эй, мушриктер) өзүңөргө бир апаат-зыян жеткенде (гана) Аллахка жалбаруудасыңар.

16:54 Анан, Өзү силерден балээни арылткан соң, бир тобуңар Раббисине (башкаларды) шерик кыла баштады.