Шамсуддин Хакимов — 271
16:35 Мушриктер: «Эгер Аллах кааласа, биз Өзүнөн башка эч нерсеге ибадат кылбайт элек. Биз дагы, ата-бабаларыбыз дагы Анын (Аллахтын өкүмү) болмоюнча эч нерсени (өзүбүзгө) арам кылган эмеспиз” - дешет. Алардан мурдагы (каапыр)лар деле ушундай иш жасашкан. Пайгамбарлардын анык-таза жеткирүүдөн башка вазыйпасы жок.
16:36 Биз ар бир элге «Аллахка гана ибадат кылгыла, (башка) “кудайлардан” алыс болгула (деп айта турган) пайгамбарларды жибергенбиз. Ал үммөттөрдөн кээ бирлерин Аллах туура жолго баштаган болсо, кээ бирөөлөрүнүн[1] башына адашуучулук түшкөн. Эми, жер бетинде саякат кылып, (пайгамбарлардын жолун) “жалган” дегендердин акыбети кандай болгонун көргүлө!
16:37 (О, Мухаммад!) Эгер сен аларды туура жолго баштоого (ар канча) аракет кылсаң деле, Аллах адаштыра турган пендени (эч качан) туура жолго баштабайт. (Натыйжада аларга азап түшөт. Ошондо) аларга эч жардамчы болбойт.
16:38 Алар Аллахтын атына бекем ант ичип: “Аллах өлгөндөрдү тирилтпейт” - дешет. Жок, тирилтет! Өзүнүн акыйкат убадасы боюнча! Бирок, көпчүлүк адамдар (муну) биле бербейт. (Акыретте бардык адамдар тирилчү болсо, мунун себеби...)
16:39 Аларга талашкан нерселерин(ин аныгын) көргөзүп коюу үчүн жана каапыр адамдар өздөрүнүн жалганчы экендиктерин билип алышы үчүн.
16:40 Эгер Биз бир нерсени кааласак, ага: «Бол!» дешибиз менен ал болуп калат.
16:41 (Мекке мушриктери тарабынан) зулумга дуушар кылынган соң, Аллахтын жолунда хижрат кылган адамдарга (ушул эле) дүйнөдө жакшылык даярдап койобуз.[1] Бирок, эгер билишсе, Акырет сыйлыгы чоңураак.
16:42 Алар сабыр кылган жана Раббисине тобокел кылган адамдар.