>

Шамсуддин Хакимов — 270

16:27 Кийин, Кыямат күндө (Аллах) аларды кордоп: “Алар үчүн жан үрөп талашып, Мага шерик кылган «кудайларыңар» кайда калды!?» - дейт. Илимдүүлөр (ошондо): “Бүгүн каапырларга кордук жана кайгы!”- дешет.

16:28 Өздөрүнө зулумдук кылган адамдардын жандарын периштелер сууруп алып жатканда, айласыз калышып, (бирок, күнөөсүн мойнуна албай): «Биз эч бир жаман иш жасабаган элек» - дешет. Жок, жасагансыңар! Аллах эмне кылганыңарды Билүүчү!

16:29 Эми, анда түбөлүк кала турган тозок дарбазаларынан киргиле. Текебер адамдардын орду кандай жаман!

16:30 Аллахтан корккон (такыба) адамдарга: “Раббиңер силерге эмнени түшүрдү эле, деп айтылганда “жакшылыкты” дешет. Жакшылык кылган адамдарга бул дүйнөдө да жакшылык бар. Бирок Акырет Үйү (дүйнөдөн) жакшы. Такыба кишилердин үйү (бейиш) кандай сонун!

16:31 «Адн» бейиштери! Алар түбүнөн дарыялар аккан ошол бактарга киришет. Анын ичинде көңүл күсөгөн бардык нерселер бар. Аллах такыба кишилерди мына ушинтип сыйлайт.[1]

16:32 Такыба адамдардын (каапырчылыктан) таза жандарын периштелер алып жатканда: «Силерге салам (тынчтык) болсун! (жакшы) амалыңарга жараша, эми, бейишке киргиле!» - дешет.

16:33 (Ал эми, каапырлар) өздөрүнө (жан алгыч) периштелер же болбосо Раббиңдин буйругу (азабы) келишинен башка нерсени күтпөйт. Алардан мурдагы(каапыр)лар дагы ошондой (ширк) амалдарды жасаган(да баштарына азан түшкөн). Аларга Аллах зулумдук кылбады, бирок, өздөрүнө-өздөрү зулумдук кылышты.

16:34 Аларга (жаман) иштеринин жаман акыбети жетти. Баштарына (ишенбеген жана) мыскылдаган нерселери (азап) түштү.