>

Шамсуддин Хакимов — 269

16:15 Ал силердин тең салмактуулугуңарды сактасын деп жер бетине (салмактуу) тоолорду кадап койду, Жана (силердин пайдаңар үчүн) дарыяларды, адашпай жүрүшүңөр үчүн жолдорду жана

16:16 (ар түрдүү) белгилерди (жаратты. Ошол белгилердин бири болгон) жылдыздар менен алар жол табышат.

16:17 Жараткан (Аллах) менен жарата албаган (“кудайлар”) теңби?! Эсиңерге келбейсиңерби?!

16:18 Эгер Аллахтын нээматтарын санасаңар, бүтүрө албайсыңар. Албетте, Аллах Кечирүүчү, Боорукер.

16:19 Аллах силердин купуя жана ашкере жасаган (бардык) ишиңерди билет.

16:20 Алар (мушриктер) дуба (ибадат) кылып жаткан Аллахтан башка “кудайлары” эч нерсени жарата албайт, өздөрү жаратылган нерселер.

16:21 Алар (жасалма кудайлар) тирүү эмес, өлүк, (Мушриктердин) качан тирилишин (Кыямат убактысын) да билбейт.

16:22 Силердин кудайыңар - жалгыз Кудай (Аллах). Ал эми, Акыретке ишенбеген адамдардын жүрөктөрү (бул ишенимге) каршы чыгуучу. Алар (Аллахка баш ийүүдөн) текеберленишет.

16:23 Эч шексиз, Аллах алардын ичине сактаган сырларын да ачык-ашкере иштерин да билип турат. Чынында, Ал текебер адамдарды сүйбөйт.[1]

16:24 Эгер аларга: «(Мухаммадга) Раббиңер эмне түшүрдү эле» - деп айтылса, «Байыркылардын жомогу» - дешет.

16:25 «Кыямат күнү күнөөлөрүн толугу менен, ал эми илимсиздиги себептүү (аларды) адаштырган адамдарынын күнөөлөрүн(үн бир бөлүгүн желкесине) көтөрүш үчүн (ошентишти). Уккула, алар көтөргөн «жүк» кандай жаман!»

16:26 Алардан мурдагы (каапыр) коомдор дагы айлакерлик («сарайларын») жасашкан. Кийин Аллах алардын “сарайларына” келип, түбү менен омкоруп таштаганда, чатыр(ы) как чокуларына кулап түштү. Жана аларга байкабаган тараптан азап келди!