>

Шамсуддин Хакимов — 267

15:91 Алар Куранды бөлүктөргө ажыратышты![1]

15:92 Раббиңе ант! Биз алардын бардыгын суракка тартабыз.

15:93 жасаган иштерине жараша!

15:94 (Сен аларга көңүл бурбай) буюрулган ишке умтул жана мушриктерден жүз бур!

15:95 Албетте, сени шылдыңдаган адамдарга Өзүбүз жетиштүүбүз.

15:96 Алар Аллахка дагы башка «кудайларды» кошуп (шерик кылып) алышкан. Жакында (иштеринин натыйжасын) билишет.

15:97 Билебиз, алардын айткандарынан көкүрөгүң кысылып турат.

15:98 Эми сен (көкүрөгүң кайра кең болушу үчүн) Раббиңе (көп) тасбих (мактоо) айтып, (көбүрөөк) сажда кылуучулардан бол!

15:99 Жана сага өлүм келгенге чейин Раббиңе гана ибадат кыл!

16:1 (Эй, мушриктер!) Аллахтын буйругу (азабы) келип калды. Силер аны шаштырбай эле койгула! Алардын ширктеринен Аллах Бийик жана Аруу!

16:2 «Аллах пенделеринин арасынан каалагандарына Өз амири менен: “(Адамдарга) эскерткиле: Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, Мен гана бармын! Менден гана корккула!” – деген вахий менен периштелерди түшүрөт».

16:3 Асмандар менен жерди Акыйкат менен жараткан (Аллах) алардын ширктеринен Жогору - Бийик!

16:4 Ал инсанды бир тамчы «суудан» жаратты эле, капысынан (Өзүнө) анык душман болуп чыга келди!

16:5 Ал айбанаттарды жаратты. Аларда силер үчүн (көп) пайдалар, жылуулуктар бар.[1] Силер алардын этинен да жейсиңер.

16:6 (Малыңар жайлоого) жайылганда жана (кечинде) кайтканда да силер үчүн кооздук бар.