>

Шамсуддин Хакимов — 266

15:71 (Лут): «Эгер бул иштен кайра тартпасаңар, мына, менин кыздарым» деди.[1]

15:72 (О, Мухаммад!) Өмүрүңө ант, алар (ышкы-кумардын) мастыгында көздөрүнө эч нерсе көрүнбөй калган эле![1]

15:73 Анан, Күн чыгаар мезгилде аларды (коркунучтуу) ач айкырык кармады.[1]

15:74 Анан Биз шаардын асты жагын үстүнө көңтөрүп, алардын үстүнө чопо-таштарды жамгырдай жаадырдык!

15:75 Албетте бул окуяда парасаттуу адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар.

15:76 Ал (ойрон болгон шаар) кан жолдун боюнда.[1]

15:77 Албетте, мында момун адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар.

15:78 Бак-бостон кожоюндары залым (каапыр) болушкан.[1]

15:79 Биз алардан да өч алдык! Чынында, экөө (Лут коому менен Шуайб коому) тең кең жолдун боюнда.

15:80 «Хижр» (өрөөнүнүн) жашоочулары да пайгамбарларды «жалганчы» дешти.[1]

15:81 Биз аларга аят-моожизаларыбызды (жи)бергенде, андан жүз бурушту.

15:82 Алар тоолордун боорун оюп-жонуп үйлөр куруп, тынч-аман жүрүшкөн.

15:83 Анан, аларды да таң мезгилинде (капысынан) ач айкырык кармап, (кыйрап калышты).

15:84 Жасаган нерселери аларга пайда берген жок![1]

15:85 Биз асмандарды, Жерди жана экөөнүн арасындагы нерселерди Акыйкат менен жараттык. Саат (Кыямат) сөзсүз келүүчү. Сен (оо, Мухаммад, наадан адамдардан) сылык-сыпаа жүз үйүр.

15:86 Албетте, сенин Раббиң - Ал гана (бардык макулуктарды) Жаратуучу, Билүүчү!

15:87 Биз сага кайталануучудан жетини жана Улук Куранды бердик.[1]

15:88 Алардын (каапырлардын) арасынан бир нече тайпаларга берген Биздин нээматтарыбызга карабай (көңүл бурбай) эле кой. (Ошондой эле, эгер баштарына Аллахтын бир азабы түшсө) аларга кайгырба! (Мээримдүүлүк) канатыңды ыймандууларга жайгын!

15:89 Айт: «Мен (башыңарга келүүчү азап жөнүндө) анык эскертүүчүмүн!

15:90 Ошондой эле, Биз бөлүүчүлөргө (азап) түшүрдүк.