Шамсуддин Хакимов — 265
15:52 Бир кезде алар анын алдына «салам» деп киришти. (Ибрахим) «Чынында, биз силерден коркуп жатабыз» - деди.
15:53 «Коркпогун, дешти алар, - биз албетте, сага илимдүү бир перзенттин сүйүнчүсүн билдиребиз».[1]
15:54 (Ибрахим) айтты: «Мага карылык келгенде сүйүнчүлөп жатасыңарбы? Эмне менен сүйүнчүлөйсүңөр?”
15:55 «Биз сага акыйкатты сүйүнчүлөдүк. Эми, сен үмүтү жоктордон болбогун» дешти.
15:56 (Ибрахим) айтты: «Раббисинин ырайымынан залым адамдар гана үмүтсүз болушат.
15:57 (Дагы мындай) деди: «О, элчилер, эмне жумуш менен келдиңер?»
15:58 Айтышты: «Биз кылмышкер коомго (аларды жазалоо үчүн) жиберилгенбиз.
15:59 Бирок, Луттун үй-бүлөсүнүн бардыгын куткарабыз.
15:60 Аялынан башкасын. Биз, аны (Аллахтын буйругу менен, азапта) калуучулардан болот деп өкүм кылдык».
15:61 Элчилер Луттун үй-бүлөсүнө келгенде,
15:62 Ал: «Силер бейтааныш коомсуңар(бы)?» - деди.
15:63 (Элчилер) айтышты: «Жок, биз бузулган коомуң күмөн санаган нерсени (азапты) алып келдик.
15:64 Биз сага чындыкты гана алып келдик. Биз чынчылбыз.
15:65 Эми, түндүн бир бөлүгүндө (таңга маал) үй-бүлөңдү (айылдан) алып чык дагы, өзүң артынан түш. Силерден эч бир адам карбаластабасын (тез баскыла) жана буюрулган тарапка көте бергиле».
15:66 Биз ага (Лутка) таңга маал ошол (бузук) коомдун «куйругу кыркылышы»[1] жөнүндөгү ушул буйрукту вахий кылдык.
15:67 Анан, шаардын (бузук) элдери сүйүнгөн бойдон жетип келишти.[1]
15:68 (Лут): «Булар менин мейманым. Мени шерменде кылбагыла!
15:69 Аллахтан корккула! Абийиримди төкпөгүлө!» – деди.
15:70 (Бузукулар) айтты: «Биз сени ааламдардан кайтарбадык беле?!»[1]