Шамсуддин Хакимов — 264
15:32 (Аллах): «0о, Иблис! Эмне үчүн сен сажда кылуучулардан болбодуң?!» - деди.
15:33 «Мен (эч качан) адамга сажда кылбаймын! (Себеби,) Сен аны чалчык ылай - чоподон жараттың. (А, мен оттон жаралганмын)» - деди.
15:34 (Аллах) Айтты: «Анда, Бейиштен жогол! Сен айдалдың!
15:35 Сага Кыяматка чейин каргыш болсун!»
15:36 (Иблис) Айтты: «О, Раббим! Анда мага, алар кайра тирилүүчү күнгө (Кыяматка) чейин (өлбөй жашаганга) мөөнөт бер!»
15:37 (Аллах) айтты: «Албетте, сен мөөнөт берилгендерден болдуң
15:38 белгилүү убакытка чейин».
15:39 (Иблис) айтты: «О, Раббим! Мени адаштырганың үчүн мен аларга жердеги(күнөө нерсе)лерди кооз көргөзүп, бардыгын азгырамын!
15:40 Алардын арасынан ыкластуу пенделериңден башкасын.[1]
15:41 (Аллах) айтты: «Бул - Мага (алып келүүчү) туура жол.
15:42 Албетте, Менин (ыкластуу) пенделеримдин үстүндө бийлигиң жок! Бир гана адашкандардан болуп, сага ээрчигендерге (өкүмүң өтөт).
15:43 Сени ээрчигендердин бардыгына убада жайы, албетте, тозок!
15:44 Анын (биринен бири төмөн жайгашкан) жети дарбазасы бар. Ар бир дарбазадан алардын бөлүк-бөлүк топтору (күнөөлөрүнүн даражаларына жараша азап чегип киришет).
15:45 Чынында, (күнөөдөн) сактанган адамдар булактарда, бейиштерде.
15:46 (Биз аларга:) «Тынчтык, саламаттык менен бейишке киргиле» (дедик).
15:47 Биз алардын көкүрөктөрүндө болгон (кек-көралбастык) сыяктуу нерселерди сууруп алганбыз. Алар бири-бирине бет-маңдай, дос-бурадар болушуп, сөрүлөрдө (отурушат).
15:48 Бейиште аларды кайгы-муң баспайт жана эч качан ал жерден чыгарылышпайт.
15:49 (О, Мухаммад!) Пенделериме кабар бер: Мен гана (тообо кылгандарды) Кечирүүчү Ырайымдуумун!
15:50 Чынында менин азабым - жан ооруткан азап!
15:51 (О, Мухаммад), аларга Ибрахимдин меймандары жөнүндөгү кабарды жеткир:[1]