>

Шамсуддин Хакимов — 263

15:16 Чынында, Биз асманда топ жылдыздарды жаратып, аларды көрүүчүлөр үчүн зыйнат кылып койдук.

15:17 Жана асманды бардык каргыш тийген жин-шайтандардан сактадык. (Асманда Аллахтын кайып кабарлары бар. Жин-шайтандар ошол кабарларга жакын жолой албайт. Мунун себеби кийинки аятта.)

15:18 Ал эми, (жин-шайтандардан) кимиси асман кабарларын уурдаганга аракет кылса, аны бир нурдуу жылдыз кууп жетет (жана өлтүрөт).

15:19 Биз жерди(н үстүн) жайык кылып, анда тоолорду орноттук жана ар түрдүү пайдалуу нерселерди өстүрдүк.

15:20 Жана жер үстүндө, силер үчүн жана силер ырыскы бере албай турган (кол астыңардагы) калк-макулуктар үчүн тиричилик (шарттарын) жараттык.[1]

15:21 Бардык нерселердин казынасы Биздин алдыбызда. Биз андан эмнени (пендебизге) түшүрсөк, (мурдатан) белгиленген өлчөм (тагдыр) менен түшүрөбүз.

15:22 Жана Биз (булуттарды) боозутуучу шамалдарды[1] жибердик. Кийин асмандан суу түшүрдүк жана аны менен силерди (эгиниңерди жана айбанаттарыңарды) сугардык. (О,инсандар!) Өзүңөр аны сактай албайт элеңер.[2]

15:23 Чынында, Биз гана тирилтип, Биз гана өлтүрөбүз. Жана Өзүбүз гана мурас алуучубуз.[1]

15:24 Албетте, Биз силерден байыркыларды да, кийинкилерди да билгенбиз.

15:25 (О, Мухаммад) Раббиңдин Өзү гана аларды (Кыяматка сот-сурак үчүн) чогултат. Чынында Ал Даанышмаи (жана) Билерман.

15:26 Биз инсанды (Адам-Атаны) чалчык ылайдан (жана) кургап, зыңылдап калган чоподон жараттык.[1]

15:27 Андан мурда жиндерди(н атасы Иблисти) жалындуу оттон жаратканбыз.

15:28 (О, Мухаммад, эстегин) бир кезде Раббиң периштелерге: «Албетте, Мен карарган ылайдан жасалган чоподон Адам жаратамын.

15:29 Качан аны(н дене түзүлүшүн) жасап, ага Өзүмдүн Рухумдан үйлөгөндө (жан киргизгенде) ага (урмат көргөзүп) сажда кылып жыгылгыла» - деди.

15:30 Бардык периштелер сажда кылышты.

15:31 Бир гана Иблис сажда кылуучулар менен (бирге) сажда кылуудан баш тартты.