Шамсуддин Хакимов — 262
15:1 Алиф, Лам, Раа.[1] Булар Китептин - Анык Курандын аяттары.
15:2 (Ошол кезде) Каапырлар мусулман болууну эңсеп калаары бышык.[1]
15:3 (О, Мухаммад!) Аларды жөн кой, жеп-ичип, пайдаланып, («биз дүйнөдө түбөлүк калабыз» деген жалган) кыялдарына алданып жүрө беришсин. Кийин тез эле билип алышат.
15:4 Биз эч бир айыл(-шаардын элин) өзүнө белгиленген (тагдырдагы) жазмыш(ы) келмейинче өлтүрбөдүк.
15:5 Эч бир эл (өзүнө жазылган) мөөнөтүнөн озуп да кетпейт, артта да калбайт.
15:6 (Мушриктер Мухаммадга): “О, Зикир (Куран) түшүрүлгөн адам, сен – жиндисиң.
15:7 Эгер чынчыл болсоң, бизге (сөзүндү тастыктаган) периштелерди таап келчи?!» дешти.[1]
15:8 Биз (азаптоочу) периштелерди Акыйкат менен гана түшүрөбүз. Ал убакытта аларга мөөнөт берилбейт!
15:9 «Биз Зикирди (Куранды) Өзүбүз түшүрдүк жана аны Өзүбүз сактайбыз».[1]
15:10 Чынында, Биз сенден мурда, абалкы жамааттарга да (сага окшогон) пайгамбарларды жибергенбиз.
15:11 Алардан кимисине бир пайгамбар келчү болсо, аны мыскылдап күлүшкөн.
15:12 Биз аны (мазактоону) кылмышкерлердин жүрөктөрүнө ушинтип салып койобуз.
15:13 (Ошондуктан,) ага ыйман келтиришпейт. Мурункулардын (үлгүлүү) жолу өттү го!
15:14 Эгер Биз аларга асмандан эшик ачып, алар андан көтөрүлө баштаса да, (ишенбей):
15:15 «Көзүбүздү бойоп коюлду! Биз сыйкырланып калдык!» дешет.[1]