Шамсуддин Хакимов — 261
14:43 (Ошол күндө) алар баштары ойдо көтөрүлгөн абалда (эсеп бергени) чуркап барышат. Көздөрү (катып калгандан улам) өздөрүнө кайтпайт жана ичтери көңдөй.[1]
14:44 Сен адамдарды азап келе турган Күн менен коркут. Ошондо, зулум кылган адамдар: «О, Рабби, бизди бир аз мөөнөткө кечиктире турчу, чакырыгыңа жооп берип, пайгамбарларга моюн суналы» дешет. (Кийин аларга мындай жооп берилет: «Эй, каапырлар!» Өлүм келээрден) мурда «биз өлбөйбүз» деп ант ичпедиңер беле?
14:45 (Худдун, Салихтин коому сыяктуу) өздөрүнө зулум кылган (жана Биз аларга азап жиберген) адамдардын мекендеринде жашабадыңар беле?! Биз аларды кандай жазалаганыбыз силерге маалым эле го? Силерге (Куранда алардын) мисалдарын келтирген элек?!
14:46 Алар (динге каршы көп) айлакерликтерин жасашты. Эгер айлакерликтери тоону омкоруп жиберүүчү болсо да Аллахтын алдында (белгилүү)
14:47 Сен Аллах Өзүнүн пайгамбарларына («залымдардан өч алабыз» деп) берген убадасын аткарбайт экен деп ойлобогун! Аллах Кудуреттүү жана өч алуучу!
14:48 (Анын өч алышы) жер башка жерге, асмандар башка асмандарга айланган жана (адамдар) Жалгыз, Каардуу Аллахка жекеме-жеке жолуга турган күндө (ишке ашат)!
14:49 Сен ал күндө кылмышкерлерди (оттон жасалган) кишендер менен (чогултуп) байланганын көрөсүң.
14:50 (Ал күндө) Алардын кийимдери кара майдан болот жана жүздөрүн от ороп турат. (Бул азаптар Аллах тарабынан зулум эмес, тескерисинче:)
14:51 Аллах ар бир жанды кылмышына жараша жазалоосу үчүн. Чынында, Аллах тез эсептешүүчү.
14:52 Бул (Куран) адамдарга арналган кемчиликсиз Баян! Эми, ал себептүү (жаман ишинин акыбетинен) сестенишсин, Анын Жалгыз Кудай экенин билишсин жана акылдуу адамдар андан үлгү-сабак алышсын!