>

Шамсуддин Хакимов — 260

14:34 Жана силерге, (силер) муктаж болгон бардык нерселерди берди. Эгер Аллахтын жакшылыктарын санасаңар бүтүрө атбайсыңар. Чынында, инсан өтө залым, өтө шүгүрсүз!

14:35 (О, Мухаммад) Эстегин, (бир кезде) Ибрахим айтты: «О, Раббим! Бул шаарды (Меккени) тынч шаар кыл! Мени жана балдарымды буттарга сыйынуудан алыс кыл![1]

14:36 О, Раббим! Чынында, алар (буттар) көп адамдардын адашуусуна себеп болушту. Ким мени ээрчисе (жалгыз Аллахка ибадат кылса) - ал менден. Ким мага каршы чыкса, Өзүң Кечирүүчү, Ырайымдуусуң![1]

14:37 О, биздин Рабби! Мен балдарымдан (бир бөлүгүн) Сенин Аль Харам Үйүңдүн алдындагы эгин өспөгөн өрөөнгө жайгаштырдым. О, Раббим (ошол жерде) алар намаз окушса экен! Эми, Өзүң адамдардын жүрөктөрүн аларга умтулуучу кыл! Жана аларды (ар кандай) мөмөлөрдөн ырыскыландыр! Ажеп эмес (ошондо) шүгүр кылышса![1]

14:38 О, Раббим! Албетте, Сен биз жашырган нерсени да, ашкере кылган нерсени да билесиң! Аллахтан не жер, не асмандардагы эч бир нерсе жашыруун эмес!

14:39 Мага картайган курагымда Ысмайыл менен Исхакты берген Аллахка (чексиз) мактоолор болсун! Чынында, менин Раббим дуба-тилекти Угуучу!

14:40 О, Раббим! Мени жана урпактарымды намазды толук окуучу(лардан) кыл! О, биздин Раббибиз! Дубаны кабыл кыла көр?!

14:41 О, биздин Рабби! Эсеп күнү келгенде, менин, ата-энемдин жана (жалпы) ыймандуу адамдардын күнөөсүн кечир![1]

14:42 (О, Мухаммад), сен Аллахты залымдардын кылмышынан бейкапар деп ойлобогун. Болгону, аларды(н жазасын) көздөр (коркунучтан) катып кала турган (Кыямат) Күнгө чейин кечиктирүүдө.