>

Шамсуддин Хакимов — 26

2:170 Качан (мушриктерге): “Аллах түшүргөн нерсеге (Куран өкүмдөрүнө) ээрчигиле” - деп айтылса, алар: “Жок, биз ата-бабаларыбыздын үрп-адаттарына ээрчийбиз” дешет. Эгер ата-бабалары эч нерсеге акыл калчабаган жана туура жол таппаган адамдар болсо да (ошенте беришеби)?!

2:171 Каапыр болгон адамдар кишинин кыйкырыгынан чакыруу жана добуштан башка эч нерсени ылгай албаган айбандарга окшош. Алар дүлөй, дудук жана сокур! Демек, акылдарын иштетишпейт.

2:172 Оо, ыйман келтиргендер! Эгер Аллахтын Өзүнө ибадат кылчу болсоңор, Биз силерге ырыскы кылып берген таза нерселерден жегиле жана Аллахка шүгүр кылгыла.

2:173 Аллах силерге тарпты, (мууздаганда аккан) канды, доңуздун этин, Аллахтан башкага атап союлган жандыктын этин (жешти) арам кылды. Ал эми, кимде-ким, атайын издебей, чектен чыкпай (өлбөй калуу үчүн гана жегенге) мажбур болсо, ага күнөө болбойт. Аллах – Кечиримдүү, Мээримдүү.

2:174 Аллах түшүргөн китепти (Тооратты, анын ичиндеги чындыкты) жаап-жашырган жана аны арзыбаган баага сата турган адамдар өз курсактарына оттон бөлөк нерсени жешпейт. Аллах Кыямат күнү аларга сүйлөбөйт жана аларды (жаман пейилдеринен) тазартпайт. Аларга кыйноочу азап бар.

2:175 Алар адашууну хидаят (туура жол) ордуна, азапты кечирим ордуна сатып алган адамдар. Алар тозок отуна мынча сабырдуу?!

2:176 Бул – Аллах китепти чындык менен түшүргөнү (бирок, алар ошол чындыкты жашыргандары) себептүү. Аллахтын китеби (Тоорат) жөнүндө (бир өкүмүнө ишенип, экинчисине ишенбей) ар түрдүү (пикирде) болуп жаткан адамдар (чындыктан) алыс бөлүнүп-жарылууда калышат.